Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Транзиттик борбор, талашка түшкөн күйүүчү май


"Манас" аба майданындагы АКШнын транзиттик борборуна таандык абадан май куюучу КС-135 үлгүсүндөгү учактар милдетин башка аймактар аркылуу аткарууну улантууда. Транзиттик борбордун мындай кадамга барышына Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн салыктын айрым түрлөрүн төлөө жөнүндө көтөргөн маселеси түрткү болгон.

АКШнын транзиттик базасына таандык абадан күйүүчү май куюучу КС-135 үлгүсүндөгү аскерий учактары Кыргызстанга учууну убактылуу токтотуп, бул багыттагы ишти борбор башка аймакка которгондугу, бул кадам Кыргызстандын убактылуу өкмөтү салык төлөмдөрүнө байланыштуу маселе көтөргөндөн кийин жасалгандыгы кабарланууда.

Дал ушул маселе жана аны кайра кароо боюнча убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн демилгеси учактардын башка жакка убактылуу которулушун шарттагандыгы айтылууда.

Мындай маалыматты Бишкектеги Транзиттик борбордун Коомчулук менен байланыш күчтөрүнүн башчысы, АКШнын аба күчтөрүнүн майору Жон Илоф да тастыктады:

-Кыргызстан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтыкталмайынча КС-135 үлгүсүндөгү күйүүчү май куюучу учактары убактылуу башка жакка которулду. Ал эми “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбор Ооганстандагы коалициялык аскер күчтөрүн колдоо боюнча иштерин улантууда.

Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Фарид Ниязовдун билдиргенине караганда Транзиттик борбор боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө.

- Бул маселе боюнча АКШ бийлиги менен Убактылуу өкмөт эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзөт. Учактар башка жактан май алып жаткандыгы боюнча маалыматты биз агентстволордон жана гана алып жатабыз. Убактылуу өкмөт башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев Түркиядагы иш сапарынан келгенден кийин Транзиттик борбордогу учактардын күйүүчү май маселесине комментарий берет,- деди Фарид Ниязов.

Айрым талдоочулар мындай маселенин келип чыгышынын артында геосаясий кызыкчылыктар бар экендигин, Кыргызстандагы бийлик алмашууга аралаш атаандаш ар бир кызыкдар мамлекет өз турумун бышыктап алууга аракеттенип жатканын да белгилеп жатышат.

“Манас” аба бекетиндеги АКШнын аскерий базасын чыгаруу талабын кыргыз бийлиги жарыялагандан кийин былтыр 22- июнда эки тараптуу жаңы келишимдин негизинде аталган аскер базасы макамын өзгөртүп, Транзиттик борбор деп аталып калган. Келишимге ылайык кол коюлган мөөнөт аралыгында тараптардын бир жагынан кандайдыр бир демилге чыкпаса, келишим күчүндө кала бериши керек. Буга чейин убактылуу өкмөт базага байланыштуу кандайдар бир маселе көтөрүп чыга элек болчу.

Ооганстандагы антитеррордук операцияларга көмөктөшүүчү бул аба-аскерий борбору он жылга жакын убакыттан бери күйүүчү май сатып алуу боюнча бир нече компаниялар менен иштешип келатат.Реактивдүү май куюудан олуттуу киреше тапкан ал ишканалардын артында мурдагы президенттер Аскар Акаевдин да, Курманбек Бакиевдин да балдарынын тиешеси бар экендиги, өз пайдасына иштеп келгендиги айтылып келатат.

К. Бакиев мамлекетти башкарып турган жылдарды эске алганда, 2008-жылы АКШ өкмөтү “Майнкропт” менен 729 миллионго, “Редстарт интерпрайс” ишканасы менен 720 миллион долларга келишим түзгөн. Апрел окуясынан кийин “Манас” транзиттик борборунда корупциялык схемалар бар экендиги айтылып, АКШ сенаты тараптан да бул маселе иликтөөгө алгандыгы тууралуу да маалымат тараган болчу.

- Алгач Акаевдин, кийин Бакиевдин уулу америкалыктарга авиа керосинди сатып пайда таап келишкен. Алар элге бөлөк нерсени айтып, ошол эле маалда өз билгенин жасашчу. Ошондуктан америкалыктар жаңы өнүгүп келе жаткан элге өзүнүн империялык мамилесин тогоп, аларды бул жолго барууга жөндөп турган. Анткени биздин жетекчилир бийликти өзүнүн олжосунда көрүп аракеттенип келген. Ошондуктан эртенки жетекчилик америкалык же европалыктар менен иш жүргүзгөндө кыргыз элине жакшы иш жасап бергенге кудурети жетиш керек,- дейт саясат таанучу Токтогул Какчыкеев.


Ошентип күйүүчү майды Кыргызстан аймагына киргизүү жаатындагы салыктын түрлөрү боюнча убактылуу өкмөт менен АКШнын Транзиттик базасынын ортосундагы сүйлөшүү алдыда турууда. АКШнын аскерий айрым өкүлдөрү Бишкектегидей башка жакта жайгашып турган аба-аскерий күчтөрү адатта жеңилдиктерге эгедер экендиги тууралуу билдирүүлөрүн батыш маалымат каражаттары жазып жатышат. Анткен менен учурда Бишкектеги транзиттик борборунун иш ыргагына азыр күйүүчү майга байланыштуу көтөрүлгөн маселе таасир этпегендиги айтылууда.

XS
SM
MD
LG