Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

“Бүтүн Кыргызстан” үч гезитти сотко берүү ниетинде


Бул тууралуу аталган партиянын лидери Адахам Мадумаров бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, “Алиби”, Учур” жана “Форум” гезиттери “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын 2-июндагы курултайына 200-300 делегат катышты деп туура эмес маалымат берген.

”Бул боюнча гезит редакциясына кат аркылуу кайрылганыбызга жооп беришкен жок. Чындыгында курултайга 1054 делегат катышкан. Аталган гезиттердин “Бүтүн Кыргызстан” партиясына моралдык зыян келтирип жатканын эске алып, аларды сотко берүү үчүн партиянын юридикалык бөлүмү материалдарды даярдап жатат”, - деди А.Мадумаров.

“Алиби” гезитинин баш редактору Күнболот Момоконов болсо “Бүтүн Кыргызстан” партиясы кат жүзүндө редакцияга кайрылышпаганын, аталган партия тууралуу маалыматта 300-400 делегат катышты деп жазышпаганын айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG