Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Оштогу тополоң боюнча кылмыш иши козголду


Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын кабарлашкандай, өлкөнүн экинчи борборунда катталган тополоң боюнча Ош шаардык прокуратурасы массалык башаламандык жана адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул боюнча ведомстволор аралык иликтөө тобу түзүлдү. Маалыматка караганда Ош шаарында Р.Абдыкадыров атындагы филармония, Бабур атындагы драма театры, май куйуучу жайлар, кафе, дүкөндөр жана ички иштер органдарынын унаалары талкаланып өрттөлгөн. Кыйнап өлтүрүлгөн адамдардын сөөгү табылган.

“Азаттыктын” аймактык кабарчысынын айтымында, Башкы прокурордун орун басары Рыскул Бактыбаев окуяга катыштыгы бар айрым чагымчылдар кармалганын билдирген. Маалыматка караганда, каза болгондор текшерилип чыкты жана өрттөлгөн унаалардын жана имараттардын чыгымдары такталууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG