Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Т.Сариев кандуу окуялар боюнча элге кайрылуу жасады


Кайрылууда - Убактылуу өкмөт коогалаңдарда каза болгондордун бардыгынын үй-бүлөсүнө көңүл айтары, алар бардык болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жарандарды коргоого, колдоого алууга аракет кылып атышканы тууралуу айтылат.

“Биз күрөшө да алабыз, ошону менен катар кура да, жарата да алабыз. Биз дүйнө элине жакшылыктын келечегин кура алаарыбызды далилдешибиз керек. Биз дүйнө жүзүнө толеранттуулукту жана гумандуулукту көрсөтөлү. Мындай башаламандыкты токтотуу биздей акылман, улуу элдин гана колунан келет. Мен Сиздердин ар бириңиздерден ушул коогалаңды токтотууга өз салымыңыздарды кошууга чакырам. “Алыскы туугандан жакынкы кошуна”, “таш менен урганды аш менен ур” дейт акылман элибиз. Ар бирибиз кошуналык сыйлашууну көтөрүп чыксак, жергебизде тынчтык орнойт.

Ар бир интеллигенция өкүлүн, айрыкча түштүктүн өкүлдөрүн жардамга чакырам. Биз өзүбүзгө өзүбүз жардам бербесек, бизге эч ким жардам бербейт. Эки элдин ортосуна от жаккан бузукулар өз жазасын алышат”,- дейт Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Темир Сариев. (IJz)

XS
SM
MD
LG