Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:39

Баткенди каатчылык каптады


Баткендин балдары
Баткендин балдары

Ош, Жалал-Абаддагы тополоң токтобой жаткандыктан, Баткенде тамак-аш, күндөлүк керектелүүчү буюмдар менен күйүүчү май тартыштыгы келип чыкты. Керектелүүчү азыктар Баткен облусуна Ош шаары аркылуу өтүп турчу.

Облустук акимчилик бул көйгөйдү чечүү үчүн кошуна тажик ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү баштап, Ош, Жалал-Абадка жашыл коридор киргизүү аракетин көрүп жатат.

Ош шаарында тополоң чыккандан кийин Баткенге күйүүчү май, ун, нан азыктарын ташуу токтоду. Жума башында керектөөчүлөр Баткен шаарынын соода түйүндөрүн кыдырып, ун, күйүүчү майдын тартыштыгынын азабын тарта башташты. Баткен шаарынын тургуну Сайдимар күйүүчү майдын жана ундун баасы бир кыйла жогорулап, калкка түйшүк келди дейт:

- Түштүктө болуп жаткан окуядан кийин дароо бардык нерсеге баалар көтөрүлүп кетти. Бир кг. сабиз 45 сом болду, ун жок. Күйүүчү май да жок.

Мындай көйгөйдү чечүү үчүн Убактылуу өкмөттүн иш чарасына ылайык облустук жетекчилик Ош жана Жалал-Абад аймагында биргелешкен иш чара кабыл алып, Баткенге өтүп жаткан товарларды күч кызматынын коштоосу менен алып өтүү үчүн жашыл коридор түзүү аракетин көрө баштады дейт Баткен областтык акимиаттын экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Хамрабаев:

- Ош, Жалал-Абадда болуп аткан саясий кырдаалдан улам блок посттор коюлган. Ал жактан өтүүдө кыйынчылыктар бар. Ошондуктан биз ойлоп атабыз, Чек ара, Ички иштер, Бажы кызматы, Финполиция биргелешип бир иш чара кылып жашыл коридор ачып берсе. Экинчиден, Ош, Жалал-Абаддагы эки комендант бар. Аларды да ушул пунктка киргизсе, алар да азык-түлүк боюнча көмөк көрсөтүш керек. Бизге да тапшырма берди, Тажикстандагы ишкерлер менен барып сүйлөшүп, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эч кандай коркунуч жок бизде, келип базарларды ачкыла деп.

Ушу тапта аймакта өрүк жана башка мөмө-жемиштер бышып, Орусия, Казакстанга чыга албай турат. Самаркандек айылынын тургуну Зумрат Айатова бир тонна өрүк жыйнап алып кете албай турат. Бул товар көпкө турса жарактан чыгып калат:

- Жыл сайын өрүк бышкан мезгилде биз Бишкекке өрүк ташыйт элек. Быйыл мындай коогалаң чыгып, элибиз тынч эмес, бир тоннадан ашык топтоп койгон өрүгүбүз ал жакка баралбай, ара жолдо Баткенде калдык да кыскасы.

Чынында аймакка жүктүн келүүсү эле токтобой, кете албагандар да канчалаган каражаттан ажырап калууда, областтык акимиат өкүлү Салижан Хамрабаев эгер жашыл коридор маселеси жакынкы убакта чечилсе экспорттоого да мүмкүнчүлүк түзүлөт дейт:

- Коштоо жүргүзүп, алар ошол аркылуу жүктөрүбүздү Бишкектен алып чыгып койсо, негизги азык-түлүк Орусия менен Казакстанга кетет. 20 миң тонна өрүк, 2 миң тонна гиляз, 500 тонна малинабыз бар. Бул маселени өкмөт чечсе, биздин суранып атканыбыз муну тездетиш керек.

Чынында аймакта базар баасынын көтөрүлүүсүнө чагымчыл күчтөрдүн да салымы болуп жатат. Алар эл арасында "ун камдап алгыла", "согуш жүрүүдө" ж.б. у.с ушактарды таракатып, элди дүрбөлөңгө түшүргөндүктөн соода жайларында тамак-аш азыктарын камдагандар көйбөйдү.

Мындай күчтөр менен күрөшүү үчүн облус аймагында жергиликтүү калк, жаштардан турган элдик ыктыярдуу кошундардын саны 5 миңден ашты деп билдирди облустук акимчиликтин маалымат кызматы.

XS
SM
MD
LG