Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Оштогу оор күндөр


Оштогу оор күндөр
Оштогу оор күндөр

Ош шаарында өзбектер куруп алган бейрасмий чек ара тосмолору пайда болду. Шаар акырындап мурдагы көнгөн жашоо ыргагына кайтып келүүдө. Тополоңдон жана ачкалыктан алсыраган шаар элине туш тараптан гуманитардык жардам келип жатат. Оштогу соңку кырдаалды бул жакта жүргөн кабарчыбыз Гүлайым Ашакеева баяндайт.


- Азыр сен кайсы жердесиң?

- Азыр мен "Алай" мейманканасынын жанында турам. Көчөнүн кесилишинде Ош шаарынын өзбек улутундагы жашоочулары жык жайгашкан тилке башталат экен. Коргонуу максатында ушул тилкеде өзбек улутундагылар өзүнчө ары жакта коргонуу аракетин көрсө, бери жакта куралдуу күчтөрдүн аскерлери ары-бери өткөн унаанын баарын текшерип атышат. Ал эми чектен ары карай беш чакырымга жетпеген жерде кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде «Достук» бекети жайгашкан. Мен азыр ошол жерде турам.

- Мен мындай түшүндүм сенин кебиңди, шаардын ичинде кыргыз-өзбек чек арасы, тилкеси деп бөлүнүп калганбы?

- Жок, кыргыз-өзбек тилкеси деп бөлүнүп калган эмес. Бирок шаардын "Алай" мейманканасы жайгашкан жерден тарта ары карай өзбек улутундагылар жык жайгашкан квартал бар экен, ошол жер аркылуу андан ары карай кыргыз-өзбек чек арасына өтүп кетишет. Ошол кварталдын жашоочулары өздөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ошол жерге атайын бактарды жыгып, автобусту коюп, өзүнчө бейрасмий чек ара жасап алышыптыр. Биз ошол жерде турабыз.

- Жалпысынан жагдай кандай азыр?

- Жалпысынан шаардын ичиндеги жагдай тынч. Бирок Ош шаарынын чеке белиндеги өзбектер жык жайгашкан аймактарда коргонуу максатында бей расмий чек ара сыяктуу бекеттерди куруп алышыптыр. Анын ичине, өзбектер жайгашкан аймактарга кенен-кесир кирип чыгууга мүмкүн эмес экен.

Биздин чет элдик журналисттерди өзбектер өздөрү келип киргизип кетишти. Алар өзбек калкы менен сүйлөшүп, андан ары «Достук» бекетине барып, ошол жердеги үй-жайын таштап кеткен адамдар менен баарлашып чыгышты. Ал жерде 10 миңге жакын адамдар турат дейт. Бул жагын эске албаганда шаардын ичинде абал жөнгө салынып калганын жеңил эле сезсе болот. Унаалар кенен-кесир жүрөт, ошондой эле адамдар жай баракат басып жүрөт. Айрым дүкөндөр тегерек-четин тазалап, эртең-бүрсүгүндө ачабыз деген ниетин билдирип атышат.

Дагы көзгө өтө көрүнгөн нерсе, бул гумжардамдын бөлүнүшү. Мен айткан өзбектер жык жашаган аймактарга машиналарга жүктөлгөн ундардын, бышкан нандын өтүп атканын көрдүк. Гумжардам Ош шаарынын бардык аймактарына активдүү бөлүнүп атканы сезилет.

Мен кыргыз, өзбек улутундагылар менен да сүйлөштүм. Алар бардыгы тең коопсуздук жөнүндө айтып жатышат. Ошондой эле үйүн таштап кеткендер кайтпай жатканы булардын ичинде бири-бирине ишенимдин жоктугун көрсөтөт. Анткени өз ара ишенимге зак кетип калган, балким дагы бир нерсе болуп кетпесин, коңшум келип уруп койбосун деген коркунуч турат.

Ошол коркунучтан өтсөк эле жай турмушка аралашып жашай беребиз, ал эми өрттөнүп кеткен үйлөр, бузулган жайларды оңдоо узак процесс, бул үчүн каражат керек деп жашоочулар өздөрү ушундай пикирлерин билдиришти.

Ош шаарынын коменданты Курсант Асанов менен сүйлөшкөндө дагы, ал ушул эле маселелерди козгоду.

XS
SM
MD
LG