Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Вашингтон Кыргызстанга 10.3 миллион доллар жардам чегерди


АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Кыргызстандын президенти Роза Отунбаевага телефон чалып, өлкөгө кандай көмөктөшүү жагын сүйлөштү.

Вашингтон Кыргызстанга чегерген 10, 3 миллион долларлык жардамдын 6 миллион доллардан көп суммага гуманитардык жардам токтоосуз жөнөтүлөрүн Мамдепартаменттин өкүлү Филип Кроули билдирди:

-Кошмо Штаттар 6,5 миллион доллардан көп суммага токтоосуз гумжардам жөнөтмөк жана кырдаалды турукташтырууга көмөктөшмөк болду. Бул кошумча акча ЮСАИД аркылуу берилет. Биз Кыргызстанга эмне гумжардам керек экенин, качкындардын статусун байкап турабыз жана зарыл болсо, кошумча жардам көрсөтөбүз.

XS
SM
MD
LG