Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Дүйнө: качкындардын жашоосу жана үмүтү


Оштогу тополоң окуялардын учуруна миңдеген адамдар качкын болду.
Оштогу тополоң окуялардын учуруна миңдеген адамдар качкын болду.

Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу окуялар төрт жүз миңден ашуун адамдарды жер которуп качкын болууга мажбурлады. Глобалдык деңгээлде алганда бул көрсөткүч дүйнө жүзүндөгү качкындардын бир пайыздан азын берет. Жыл сайын 20-июнь Улуттар уюму тарабынан Дүйнөлүк качкындар күнү катары белгиленет

Өткөн жумадагы кагылыштан кийин Кыргызстандын түштүгүндөгү миңдеген карапайым адамдар коңшу өз үй өлөң журтун калтырып Өзбекстан тарапка агылып, убактылуу баш паанек издөөгө мажбур болушту. Кыргыз-өзбек чек арасынын эки тарабы тең эртеңкиге бүдөмүк караган, көздөрү кайгыга чөмүлгөн адамдарга толуп, гуманитардык кризистен кабар берип турду.

"Көп адамдар баш-аламандыкта өлдү. Өткөөл жолдор өтө кууш болгондуктан адамдар бири-бирин түртүшүп жатышты. Кары-картаңдар менен бирге эле балдар башкалардын бут алдында калышты. Өзбек чек арачылары улам-улам чек араны жаап, кайра бир сааттай убакытка эле ачып жатышты. Адамдар болсо түн бою жерде отурушту", - деп өзбек улутундагы Абдуфаттох Расулов Кыргызстандын аймагынан туруп «Азаттыктын» өзбек кызматына айтты.

Өткөн жумадагы окуялардан кийин Кыргызстанда үч жүз миңден ашуун адам жер которууга мажбур болду. Адистердин айтымында, бул эгемендүү өлкө тарыхындагы чоң кризис болуп саналат. Кыргызстандагы качкындар менен айласыздан жер которуп, башка жерден баш паанек издеген адамдардын саны дүйнө жүзүндөгү мындай тагдырды башынан кечирип жаткандардын бир пайыздан азын түзөт.

Дүйнөлүк качкындар күнүнө карата (20-июнь) Бириккен Улуттар Уюмунун чыгарган баяндамасында, 2009-жылы кырк үч миллиондой качкындар, өлкө ичинде жер которууга же башка мамлекеттерден баш паанек издегендер катталган. Бул деген соңку он беш ичиндеги эң чоң көрсөткүч болуп саналат.

Качкындардын саны боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен Пакистан алдыда турат, учурда бир жарым миллиондон ашуун качкындар бул мамлекетти байырлап турушат.

Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссиясынын маалымат катчысы Бабар Балух өз мекениндеги качкындар тууралуу "Пакистанда биз качкындарды эки он жылдыктан бери коргоп келебиз. 1979-жылдан бери ооган качкындары Пакистанда жашап жатышат. Бирок биз көрүп тургандай, соңку кездери ооган качкындардын өз ыктыяры менен Пакистандан кетүүсү кескин кыскарганы байкалат", - деген маалыматты билдирди. Анын айтуусунда, качкындар өз мекенинде коопсуз болооруна ишенбегендиктен кайтып барууга белсенбейт.

Маалыматтарга караганда, өткөн жылы чет өлкөлөрдөн баш паанек издегендердин ар бир төртүнчүсү – оогандыктар болгон. Дүйнөдө жетимиш бир өлкө оогандык качкындарга баш паанек берет. Баш паанек издегендер боюнча оогандыктардан кийинки орунда эле ирактыктар турат. 2009-жылы беш жарым миллион ирак качкындары узак мөөнөт качкын абалында күн өткөрүп, дүйнөдөгү качкындардын көп бөлүгүн түзгөн.

Вашингтондогу укук коргоо тобунун ирак качкындары боюнча иш алып барган адиси Элизабет Кэмпелл Сирия жана Иорданиядагы ирактык качкындар жан багуу үчүн ар кандай жолдорго барууга мажбур экендигин белгилейт. Качкындар Иракка кайтып барган күндө дагы башка бир жарым миллиондон ашуун өлкө ичинде туруктуу жашай турган жери жок жер которуп жүргөндөрдүн катарына кошулат.
Үстүбүздөгү жылдын 18-июнундагы БУУнун маалыматы боюнча 2007-жылдан бери жүз миңден ашуун ирактык качкындар Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүндө баш паанек табышкан. Ал эми качкындарды кабыл алуу боюнча дүйнөдө АКШ алдыңкы орунда турат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG