Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Россия - Белорус: Газ чатагы токтодубу?


Белорус-Россия газ чатагы тууралуу карикатура. Белорус. 2009
Белорус-Россия газ чатагы тууралуу карикатура. Белорус. 2009

Россия Белоруска газды толук өлчөмдө бере баштады жана Минск газ үчүн карызын толук төлөгөнүн маалымдады. “Газпром” компаниясы да Белорус тарапка газ транзити үчүн акысын төлөп, чатак жөндөлгөнүн билдирди.

Москва-Минск арасындагы “газ согушу” ушуну менен токтодубу? Же болочокто дагы кайталанышы мүмкүнбү?

24-июнда Россиянын “Газпром” компаниясы Белорус газ үчүн 187 миллион доллар борчун төлөгөнүн тастыктады. Компаниянын өкүлү Сергей Куприянов өз кезегинде Белоруска газдын транзити үчүн 228 миллион доллар которулганын билдирди:

Ямал-Европа газ кууру. Белорустун Незвиж шаарындагы компрессордук станция.

- Ошондой эле газды (Белорус аркылуу) өткөргөнү үчүн “Белтрансгазга” акысы төлөндү. Бул акча - келишимде каралгандай - 1, 45 доллардан төлөндү.

Ошентип “Газпром” 1 000 куб метр газдын 100 чакырымга ташылганы үчүн Белоруска 1,45 доллардан төлөгөн.

Белорустун энергия министри Александр Озерецтин айтымында, береги акча Россиянын карызынын 87 процентин гана түзөт. Минск газ транзити үчүн 260 миллион доллар талап кылып жаткан.

Мурдарак “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер Минск келишимден тыш сумманы талап кылып жаткандыктан, ал сураган акчанын баарын албасын эскерткен эле.

Премьер-министр Владимир Путин Новокузнецк шаарында сүйлөп, газ талашы мынчалык ырбап кеткенине өкүнгөнүн айтты:

- Кырдаал мындай болуп кеткени өкүндүрөт. Себеби чатак Россия менен өзгөчө мамиледеги өлкө менен болду.

Премьер-министр Владимир Путин Новокузнецк шаарындагы кездешүүдө сүйлөп жатат. 24-июнь 2010

Газ чатагы жөндөлгөнү менен Минск-Москва арасындагы мамилеге залакасы тийди. Белорус президенти Александр Лукашенка 22-июнда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алып жатып, Москваны “досчулугун көрсөтө албады” деп күнөөлөгөн:

-Мен акчаны бүгүн досторубуздан карызга алдым. Бул акча силерге чукул арада жөнөтүлөт. Өкүнүчтүүсү, бул акчаны чоочун адамдар берди. Россия эки жума күткөнгө чыдабады.

Владимир Путин келечекте эки арада газ боюнча буга окшош эч нерсе кайталанбайт деген үмүттүн айтуу менен Белорус көгүлтүр отунду башка кардарларга салыштырганда бир кыйла арзан сатып алганына көңүл бурду:

- Ошол эле мезгилде биздин Белорус өнөктөштөрүбүз газды Россиядан өтө арзан сатып алып жатканына көңүлүңүздөрдү бура кетким келет. Биздин эч бир кардарыбыз газды Россиядан мындай арзан баада сатып албайт.

Путиндин айтымында, 100 долларга арзандатылгандан кийин деле Украина газды 234 доллардан сатып алса, Белорус 1000 куб метр газ үчүн 184 доллардан төлөйт.

XS
SM
MD
LG