Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Бажы биримдиги тууралуу келишимге кол коюлду


Казак президентинин Астанадагы резиденциясы.
Казак президентинин Астанадагы резиденциясы.

5-июлда Астанда Евразия экономикалык шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилери жолугушту. Бул күнү Орусия, Казакстан жана Белорустун президенттери Бажы биримдигине кол коюшту. Бул тууралуу Астанада өткөн Евразия экономикалык шериктештигинин саммити аяктагандан кийин Орусиянын президенти Дмитрий Медведев билдирди.

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева жана Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон Орусия, Казакстан жана Белорус мүчө болгон Бажы биримдигине кирүү мүмкүнчүлүгүн караштырарын айтышты. Евразия экономикалык шериктештигинин кийинки саммити Москвада ушул жылдын аягында өтөт.

Ушул айдын башында Бажы биримдигин түзүү тууралуу келишимди Орусия менен Казакстан даярдап, аягына чейин Белорус кошулуп-кошулбасы белгисиз болуп келген. Белорус парламенти Бажы биримдиги тууралуу мыйзам долбоорун 30-июнда эле колдогон, бирок президент А.Лукашенко кол койо элек болчу.

Адистердин баамында, расмий Минск Орусия жөнөтүп аткан кара май менен андан өндүрүлчү продуктыларга киргизилген салыкты Кремль алып таштайт деп күткөн. Бирок Кремль салыкты алып таштоого болорун, ал үчүн Белорус Бажы биримдигине кириши керектигин, ошондон кийин 2012-жылдын январында салык алына турганын айткан. Муну орус өкмөт башчысынын орун басары Игорь Сечин ойлоп таап, аны Коргоо министрлиги колдогонун “Ведомости” гезити жазат.

Астанада өткөн маалымат жыйынында Орусиянын президенти Дмитрий Медведев “Үч өлкө Бажы биримдигин түзүү тууралуу келишимге кол коюшту” деп айтты.

Ал эми Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев “Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп аткан биргелешкен делегациянын ишин оң баалайбыз” деди.

Расмий Москва да “Бажы биримдигин түзүп, андан кийин чогуу Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна өтөбүз” деп келет. Бирок айрым адистер Белорус мындай пландарга бут тосушу мүмкүн деп эсептешет. Беларус Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Виктор Алантьев мындай дейт:

- Экономикалык жактан ар кандай деңгээлде турган өлкөлөр ортосунда тең укуктагы биримдик болушу мүмкүн эмес. Орусия менен Казакстандын экономикасы жер алдындагы байлыктарын экспорттоого байланышкан. Биздин экономика – мурдагы СССРдин унаа жыйноо цехи болуп эсептелет. Бардыгыбыздын кызыкчылыгыбыз ар башка. Бизди тетиктерди жана жер алдындагы байлыктарды арзан сатып алуу кызыктырса, Орусия менен Казакстан, тескерисинче, аларды кымбат сатууга кызыктар.

Орусиянын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Игорь Шувалов да Бажы биримдигинин алкагында тышка чыкчу товарларга салык боюнча пикир келишпестик болгонун мойнуна алат.

XS
SM
MD
LG