Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:43

Полшада жаңы президент шайланды


Бронислав Коморовский шайлоо күнү колдоочуларынын алдында.
Бронислав Коморовский шайлоо күнү колдоочуларынын алдында.

Полшада убактылуу президент Бронислав Коморовский президенттик шайлоодо жеңип чыга турган шекилдүү. Кечээки добуш берүүдө ал атаандашы Ярослав Качинскийден 5-6 пайыздай ашыкча колдоо алгандыгы болжолдонууда.

Мамлекеттик Шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, добуштардын 95 пайызы саналгандан кийин Коморовский добуштардын дээрлик 53 пайызын алгандыгы айгине болду. Анын атаандашы, "Мыйзам жана акыйкаттык" деп аталган башкы оппозициячыл партиядан көрсөтүлгөн консерватор Ярослав Качинскийди кечээки шайлоого келген полшалыктардын 47 пайыздан бир аз көбүрөөгү колдоду.

Шайлоонун толук жыйынтыгы бүгүн кечке чейин чыгып калышы күтүлүүдө.

Бул - добуш берүүнүн экинчи айлампасы болду, биринчиси өткөн айда өтүп, анда талапкерлердин бири да добуштардын жарымынан ашыгын ала алган эмес.

Бизнесчил партиядан көрсөтүлгөн Коморовскийдин жеңиши апрел айында мурдагы президент, утулган талапкердин эгиз бир тууганы Лех Качинскийдин учак кырсыгында набыт болушунан кийинки саясий чалкеш кырдаалга кыйла айкындык киргизүүдө.

Качинскийдин өлүмүнөн кийин ал кезде парламенттин төрагасы болгон Коморовский конституция боюнча убактылуу президент болуп калган. Коморовскийдин бийликтеги "Жарандык платформа" партиясы Качинский эгиздер жетектеген "Мыйзам жана акыйкаттык" партиясы менен эбактан эле кырды-бычак мамиледе болчу. "Мыйзам жана акыйкаттык" - Евробиримдикти анчейин кыртышы сүйө бербегендиги менен айрыкча таанымал.

Маркум Лех Качинский кезегинде Комаровскийдин жакын союздашы Доналд Тусктун өкмөтү сунуш эткен мыйзам долбоорлорун 18 жолу четке каккан. Анын өлүмүнөн кийинки оор күндөрдө Коморовский саясий тирештен баш тартууга убада кылган. Бирок шайлоонун дээрлик теңме-тең жыйынтыгына караганда, эл арасындагы бөлүнүп-жарылуучулук дале күчтүү бойдон.

Варшаванын жашоочусу Влодзимерз Хаустер добуш берүүдөн кийин Ройтерс агенттигине буларды билдирди:

- Менимче Коморовский жеңүүчү деп табылат, бирок ал атаандашы менен теңме-тең чыктым дебеши керек, ал өзүн жеңүүчү деп эсептеши керек. Коморовский өзүн жогорку категориядагы, туруктуу саясатчы катары көрсөттү.

Ал эми Варшаванын дагы бир тургуну Хородетска Качинскийдин утулуп калышына кыжаалат экендигин жашырган жок:

- Ичим чыккан жок, Качинскийди колдогон болчумун. Ал бир күнү баары бир бийликке келет деп ишенем. Бул Полша үчүн керек. Ал бир тууганы Лех Качинскийдин Орусиядагы авия катастрофадан курман болшуунун жагдайларын аныктоого көмөктөш болот дем үмүттөнөм, себеби азыркы бийликтер буга жарабайт.

Соңку шайлоонун жыйынтыгы Полшада либералдардын жеңишин билдирет. 2005-жылы Лех Качинский азыркы өкмөт башчысы Доналд Тускту президенттик шайлоодо жеңип алган. Ал быйыл күздө өткөрүлмөк болгон шайлоого дагы бир жолу катышат деп күтүлгөн, ошол эле убакта сурамжылоодо Коморовсийден артта калып келаткан. Анын өлүмүнөн кийин Ярослав Качинский эгиз бир туугандын тилегин аркалоону чечкен, бирок ал буга чейин эки жылдай өкмөт башында турган кездеги «бөлүп-жаргыч саясатчы» деген репутациясынан арыла алган жок.

Ярослав Качинский 2006-2007-жылдары бир тууганы президент болуп турганда өкмөт башчысы болчу, бирок жалпы шайлоодо Доналд Тусктун "Жарандык платформасынан" жеңилип калган. Андан кийин президент өзүнүн вето кою укугунан пайдаланып, Тусктун бийликтеги партиясынын программасына бут тосуп келген.

XS
SM
MD
LG