Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:04

Кадрлар баарын чечеби?


Кадр маселеси нааразылыктардын жаралышынын бирден бир себеби.
Кадр маселеси нааразылыктардын жаралышынын бирден бир себеби.

Азыркыдай оор мезгилде Кыргызстан үчүн кадр саясатынын мааниси канчалык? Убактылуу өкмөттүн кадрлары эмне үчүн талаш-тартыш жаратууда? Нарын облусунун мурдагы губернатору Кемел Ашыралиев жана "Ата мекен" партиясынын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов "Азаттыктын" суроолоруна жооп беришти.

“Азаттык”: "Бардыгын кадрлар чечет" деген ойдун азыркы Кыргызстан үчүн мааниси канчалык?

Кемел Ашыралиев: Айрыкча ушу кездерде ошол сөздүн мааниси өтө чоң болуп турат. Анткени Кыргызстанды ушул акыбалдан чыгарып кетүү үчүн белсемдүү, ишкер, кыргыз үчүн иштеп бере турган жалын жүрөк кадрлар керек.

Бул жерде абдан тажрыйбалуу кадрларды да караш керек, анан өсүп келе жаткан жаштарды – чет мамлекеттерде, мисалы, Бээжин, Вашингтондо ж. б. жерлерде билим алып жаткандарды да караш керек. Жаш күчтөрдү тажрыйбалуу кадрлар менен бириктирип ошолордон кыргыздын нагыз кадрдык базасын түзүш керек.

Өмүрбек Абдрахманов: “Кадрлар баарын чечет” дегенде эле биз баягыдай өзүбүздүн билген, тааныган кишилерибизди алып келүүгө аракеттенебиз. Ошондой жолго түшпөө үчүн биз өзүнчө система курушубуз керек. Өздөрү тандалып, өзүнөн-өзү мыктылары келе турган система куруш керек.

Мына, Кемел байкебиз ат чабышты жакшы көрөт, ошол ат чабыштын астында баары эле менин күлүктөрүм чыгып келет дей беришет. Бирок калыс коё берилсе нагыз күлүктөр гана чыгып келет. Парламенттик системага өткөнүбүздүн себеби да ошол. Күлүктөргө мүмкүнчүлүк, күлүктөр үчүн система түзүп берүү керек.

“Азаттык”: Кемел мырза, азыркы кадр саясатындагы карапайым элдин көксөөсү эмнеде?

Кемел Ашыралиев: Биринчиден, Акаевдин, Бакиевдин жандоочулары болуп жүргөндөрдү тазалаш керек. Жегич атанып, муну жеген, аны жеген дегендердин баарын "оокатыңды кыл эми, Бакиевдин, Акаевдин убагында жакшы эле тайраңдадың, эми эл милдетин башкаларга берели, бийлик-кызмат атаңдан калган нерсе эмес" деп кесе айтчу учур келди. Ошолордун баарын тазалаш керек.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, тазалануу мыйзамын Кыргызстанда куду азыр кабыл алуу керек деп сиз кыйладан бери айтып келесиз. Бирок бул сунушуңуз суу кечпей атат, сиз түңүлүп бүткөн жоксузбу?

Өмүрбек Абдрахманов: Жок, мен түңүлө элекмин. Тазалануу мыйзамын мен ойлоп тапкан жокмун. Бүт дүйнөдөгү диктатордук, авторитардык системадан кутулган өлкөлөрдүн баары кабыл алышкан ал мыйзамды. Социалисттик мамлекеттерде, алсак, Польшада, Венгрияда, Чехияда, Болгарияда, ошондой эле Прибалтика мамлекеттеринде кабыл алынган. Ошол тизмеге кошулгандарды 10 жылга чейин мамлекеттик кызматка алынбасын деп чечишкен.

Ал эми Чехияда болсо өмүр бою мамлекеттик кызматка кабыл алынбай турган кылышкан. Мына ошондон кийин коом тазаланган. Бул - юридикалык тазалануу. Биз да ошол мыйзам менен кылмыштуу системанын желдеттерин элге, ачыкка чыгарып, "силер улагага отургула" деп айтмайынча алар кайра эле келе берчүдөй.

Мына азыр эле Бакиевдин министрлери, ошонун кылмыштуу иштерин колдоп, ошо менен кошо жеп-уурдап жүргөндөр "биз кыйынбыз, биз чыныгы адистербиз, бизди алгыла жумушка" деп чуркап жүрүшөт. Тазалануу мыйзамы эртедир-кечтир кабыл алынат.

Күнөөлүү адамдар, Бакиев балдарды атып атканда министр болуп туруп, депутат болуп туруп эч бир сөз айтпай, ошол убакта отставкага да кетип калбай, ошону колдогондор 5-10 жылга чейин мамлекеттик кызматка келбеш керек.

Кемел Ашыралиев: Акаевдин, Бакиевдин убагында чирип байып кеткендер бар, Апас Жумагулов сыяктуу. Апас Жумагулов убагында өкмөттүн кепилдиги менен башка мамлекеттик кредиттердин баарын ала берип, ал кредит эмне болуп атканын билбей, көзөмөлдөбөй, карыздар эмне болот деп ойлобой, өзү гана чирип байый берген.

Же болбосо Кубанычбек Жумалиев деген бар, тегирмен деген эмне экенин билбеген. Ал да мамлекеттен улуп-жулуп атып олигарх болду. Мына ушулар Кыргызстанды башкарып Кудай урбадыбы?!

Мына Үсөн Сыдыков эмне үчүн Бакиевдин убагында жумгалдык элем, түштүктүк эмесмин деп айтпайт да, анан качан камап койгондон кийин түштүктүк эмесмин, Бакиев жактык эмесмин, мен тетиги тоонун арасындагы Нарынданмын деп кыйкырат. Мына бизди башкарып жүргөн кишилердин жүзү...

“Азаттык”: Кемел агай, бүгүнкү күндө “жапайы кадрлар” деген да түшүнүк пайда болуп атат?

Кемел Ашыралиев: Төңкөрүш убагында “Бакиев кетсин!” деп кара күч менен кыйкырып койгондор эле, демек, уюган билими, акылы жоктор эле губернатор, аким болуп атышат. Ушу кантип болсун?!

Өмүрбек Абдрахманов: Биздин тарапка сын өтүп кетти окшойт. Ыңкылап Нарындан башталбады беле. Ошол жерде Бакиевди жактаган губернаторду алып ыргытып, жаңы губернаторду шайлайлы десе бир адам чыкпай койуптур. Нарындын мыктыларынын баары качып кетишип, биз түрмөгө олтуруп калабыз деп коркушканда жанагы орто билимдүү бир жигитти губернатор кылып коюп коюшуптур.

Бир топ убакыт өткөндөн кийин анан баягы качкандар жанданып, жылтылдаган костюмдарын кийип келишип, "Жип" машиналарын минип келишип, "мен губернатор болом" таризинде чуркай башташты. Бул жагдайды биз түшүнүү менен карашыбыз керек. Ал жигит убактылуу коюлган. Биз азыркы Конституцияга "эл өзүн-өзү башкарыш керек, нарындыктар жетекчисин өздөрү шайлап алышы керек" деп жаздык. Ошондо гана демократиялык жолго түшөбүз.

“Азаттык”:
Кемел агай, жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо Кыргызстандын шартына, кыргыз элинин менталитетине туура келеби?

Кемел Ашыралиев: Андай шайлоонун кээ бир жактары – ызы-чуу кылып иймейи бар. Азыр шайлоо маселесин акча гана чечип калган. Акаев элдин писихологиясына ушул нерсени оңой менен чыккыс кылып кадап кеткен. Кимдин акчасы болсо ошол губернатор, ошол аким болот. Анда канттик?

Экинчиден, анда ротация деген дагы бир жакшы нерседен ажырап калабыз. Ошону да ойлош керек. Нарынбайлар Нарында, Ошбайлар Ошто иштеп кала берсе биз, кыргыздар, дегеле бирикпейбиз, өнүкпөйбүз.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, мына Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция түзүлгөнү белгилүү болду. Ошол дирекция жөнүндө сиздин жеке оюуңуз кандай? Ал жерлерде шаарлардын мэриялары, облустук мамлекеттик администрацялар да бар эмеспи, алар иштеп аткан болсо бул мамлекеттик түзүм ашыкча нерсе болуп калбайбы?

Өмүрбек Абдрахманов: Менин оюмча, ашыкча эмес. Анткени, мэрлер ошол жергиликтүү эл менен иштеп, ынтымакты калыбына келтирүү маселелерин, электр, газ менен камсыздоону чечиш керек. Ал эми жалпы тыштан келген жардамдарды, мамлекеттин берген жардамдарын чогултуп, теске салып, план-долбоорлорун түзүп, жаңыча шаар курууу үчүн дирекция керек.

Кемел Ашыралиев: Мен буга такыр каршымын. Оштун мэрин Бишкектин мэрине теңегенбиз мурда. Акча турган жерге канчалык көп уюм ача берсең ошончолук тешик көбөйө берет да, ошончолук акча чачыла берет.

Мэр эмне кылат, губернатордун кызматы эмне? Азыр Ош, Жалал-Абадда жанагы үй-жайсыз калган, оокатынан ажырап калган адамдарды жайгаштыруу, ошолорго шарт түзүп берүү – башкы милдет.

Жаңы жетекчи Жантөрө Сатыбалдиев Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары болуп калды. Ал айтат "мен шаарларга үйлөрдү билгенимдей салам, билгенимдей берем". Мэр айтат "мына бул жерге салбайсың" деп. Ошолордун ортосунда туура эмес түшүнүктөр болот, губернатору чыгат бир жактан. Кыскасын айтканда, бул жерде эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт сыяктуу маселе чыгат, көрөсүңөр кийин.

XS
SM
MD
LG