Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

LAT: Шинжанда быйыл баары тынч


Шинжан -- Кытай солдаттары Үрүмчүнүн көчөлөрүн күзөтүп турушат. Былтыр бул жерде кытайлыктар эки уйгур жигитин өлтүрүп коюп, ошонун айынан улут аралык ири кагылыш тутанган.
Шинжан -- Кытай солдаттары Үрүмчүнүн көчөлөрүн күзөтүп турушат. Былтыр бул жерде кытайлыктар эки уйгур жигитин өлтүрүп коюп, ошонун айынан улут аралык ири кагылыш тутанган.

Вашингтондо дүйшөмбү күнү уйгур активисттери менен укук коргоочулар Кытай элчилиги алдында пикет өткөрүп, Шинжандагы былтыркы улут аралык кагылышта курман болгондорду эскеришти. Ал эми Шинжанда быйыл абал тынч, коогалаңдуу көрүнгөн шаарлар менен аймактарды кытай солдаттары көзөмөлдөп турушат деп жазат АКШда чыгуучу "Лос-Анжелес таймс" (LAT) гезити.

Вашингтондогу 5-июлдагы пикетке катышкандын бири Арафат Дилшат былтыркы кагылышта 1600 киши өлгөнүн, алардын баары уйгурлар экенин айтып, ошол "урушта шейит кеткен улутташтарын" эскергени активисттер жыйынга чогулганын билдирди.

Чет элдеги уйгурлар уюмунун көрүнүктүү жетекчилеринин бири Рабия Кадыр былтыр сентябрда биздин кабарчыбызга Шинжандагы окуялар тууралуу баяндап, кытай солдаттары бир күндө эле он миңдеген адамды кырып салганын, атүгүл элдешкени байрак көтөрүп чыккандарды, жадесе жарадар болуп, кансырап жаткан кишилерди ооруканага жеткирбей, жолдо эле атып салып жатышканын маалымдап, канча жан курман болгонун так аныктоо кыйын экенин айткан эле.

Кытай бийликтери былтыркы кандуу кагылыштар үчүн чет элдердеги уйгур активисттерин айыптап, алардын баарын Шинжанда өзүнчө мамлекет жана халифат курууну көздөп жүргөн сепаратисттер менен экстремисттердин тарапкерлери деп атаган.

Кытай кара кагылышта 200дөй киши өлдү, 1700гө жакыны жарадар болду, алардын теңинен көбү ханзулар деп ырастаган. Тополоңдон соң өкмөт жүздөгөн кишилерди кармап, соттогон, алардан ондогон адамдар өлүм жазасына тартылган.

Шинжанда жарым жылга чейин интернет, телефон аркылуу чет жактар менен байланышканга тыюу салынган. Окуяны эл аралык комиссия түзүп, калыс иликтеп чыгуу сунушун кытай бийликтери караманча четке кагышкан.

Үрүмчүдөгү быйылкы абалды сүрөттөп, "Лос-Анжелес таймстын" (LAT) кабарчысы Барбара Демик шаардын көчөлөрүнө атайын күчтөр далдоо жерлерге орнотулган беш миңдей камеранын жардамы менен агылгалап көз салып турат, калаанын бардык райондорун солдаттар, полиция күчөтүлгөн режимде күзөтүп жатат деп жазат.

Былтыркы окуялардан кийин кытай өкмөтү Шинжан менен Тибетке арнап, экономикалык ири долбоорлорду пландады. Бир нече жыл ичинде 15 миллиард доллар инвестиция жумшап, төрага Ху Цзинтао айткандай, 2020-жылга барып эки аймакта жакырчылыкты толук жойгону жатат. Кашгар шаары экономикалык өнүгүүнүн борбору катары каралууда.

Human Rights Watch уюмунун өкүлү да өкмөт Шинжанды чын эле инвестициянын селине бастырганы жатканын ырастап, бирок бул уйгурларды ого бетер чочулата баштады дейт. Инвестициялар менен Шинжанга жыл сайын бир жарым миллионго чукул ханзулар селдей агып келип жатат, алар жакынкы жылдарда эле аймакта калктын басымдуу көпчүлүгүнө айланышы мүмкүн. Демографиялык мындай экспансиянын натыйжасында жергиликтүү улуттардын маданияты басындыда калат.

Ал эми уйгурлар жумуш издеп, башка аймактарга сүрүлө баштады. Пекиндеги улуттар университетинин мугалими, экономист Илхам Тохтинин эсептеринде эрезеге жеткен уйгур эркектердин арасындагы жумушсуздук дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтү түзөт.

Шинжандагы мектептерде уйгур тилиндеги сабактар иш жүзүндө токтоп калды, тарых жана маданият боюнча уйгур тилиндеги китептердин баары опуздалды, аларды өрттөп салышты. Тохтинин кебине караганда, уйгурлар келечегинен биротоло күдөр үзө баштады. Алардын көбү жадакалса жергиликтүү бийликтердеги уйгур чиновниктерине да ишенбей, аларга өкмөттүн тыңчыларындай карап калышты.

Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары Шинжандагы былтыркы улут аралык кагылыштардын бир жылдыгына аймакта турмуш шарты жакшырып баратканын баяндаган репортаждар, баяндамалар, макалалар жана башка материалдар түрмөктөрүн арнашты. Алардын баарында өткөн жылдын жайындагы окуялар түк оозго алынган жок.

Архивдеги тасма.

Рабия Кадыр: Биз террорчулукту айыптайбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:06 0:00



Рабия Кадыр: Биз террорчулукту айыптайбыз

Бүткүл Дүйнөлүк Уйгурлар Курултайынын төрайымы Рабия Кадыр айым азыркы КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районундагы (тарыхый Чыгыш Түркстандагы) соңку кырдаал жана аймактын эгемендиги үчүн күрөш тууралуу "Азаттык" үналгысына маек куруп берди. 11-сентябр, 2009-жыл. (Т.Ч.)

XS
SM
MD
LG