Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

15 жыл өтсө да, Босниядагы кыргындын күйүтү басыла элек


Сребреницадагы көрүстөнгө жакындарын жоготкон миңдеген адамдар чогулду
Сребреницадагы көрүстөнгө жакындарын жоготкон миңдеген адамдар чогулду

Босния-Герцеговинадагы согуш маалында Сребреницада 8000ден ашуун мусулман эркектери, арасында жаш балдар кырылып өлтүрүлгөнүнө 15 жыл толду.

Ал кайгылуу окуяны эскерүү каадасына жекшембиде Сребреницада он миңдеген киши чогулду. Жыйын өткөн эскерүү комплексинде буга чейин 3749 кишинин сөөгү жашырылган, тарыхый жайга бул күнү ысымдары жаңыдан такталган 775 өрттөлүп өлтүрүлгөн босниялыктын сөөгү көмүлдү.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европада орун алган эң чоң кыргын аталган окуяны Улуттар уюмунун согуш кылмыштары боюнча соту жана Эл аралык трибунал геноцид деп аташкан.

Жекшембидеги траурдук жыйынга Сербиянын президенти Борис Тадич, Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган, Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер баш болгон расмий адамдар катышууда. АКШнын Босниядагы элчиси Чарльз Инглиш эскерүү каадасына чогулгандарга кайрылып: “Биз баарыбыз бул жерде болгон мыкаачылыкты жана келечекте андай окуяларга жол бербөө керектигин эсибизге түйүп жүрүүнү ыйык милдетибиз деп эсептейбиз. Анда курман болгондор жана алардын жакындары астында жоопкерчиликти көтөрө билишибиз керек”, - деп белгиледи.

“Азаттык” радиосунун Балкан кызматынын кабарчысы Мая Николич Сребреницадагы жыйынга катышууда. Ал жакында ысымдары такталган 775 маркумдун айрымдарынын жакындары менен баарлашканын айтып берди:

- Хедича Мехметович аттуу аял бул жерге күйөөсү менен эки уулунун сөөгүн жерге бериш үчүн келиптир. Бир уулунун сөөгү башы кесилген бойдон табылган, экинчи уулунун буту-колу жок. Жүздөгөн адамдардын сөөгү ушундай акыбалда, ар кайсы бөлүгү гана калган экен. Бул жерге келгендердин кээ бирлери жакын туугандарынан 80дей кишини жоготконун айтып боздоп жатышат.

1995-жылы Босния-Герцеговинада кандуу согуш оту булоолоп жатканда, Сребреница калаасында бир нече күн удаасы менен 8000дей мусулман эркек, кары-жашына карабай кырылып өлтүрүлгөн. Ал операцияларды серб командири, генерал Ратко Младич жетектегени айтылат.

Курмандыктар өлтүрүлгөн жеринде чогуусу менен жерге көмүлүп, кийин кылмыштын бети ачылып калбасын деген чочулоодон улам кайра казылып алынып, 70тей шаар-кыштактын четине жер астына жашырылган. Соңку бир нече жыл ичинде 6 жарым миңдей курмандыктын сөөгү сот-медициналык экспертиза тарабынан текшерилип, ысымдары такталды.

Босниялык мусулмандар Улуттар уюмунун бейпилдик күчтөрү андагы кыргынды токтото алган эмес деп айыпташат. Генерал Младич Улуттар уюмунун эл аралык трибуналы массалык киши өлтүрүүнү уюштурган деп күнөөлөгөнү менен, дале изин жашырып качып жүрөт.

1999-жылы Улуттар уюмунун ал кездеги баш катчысы Кофи Аннан Сребреницадагы кыргынды алдын-алып, убагында токтото албаганын ал жердеги кыянатчыл иштердин деңгээлин туура баалай албагандык менен түшүндүргөн. Босниядагы эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн көпчүлүгүн голландиялык аскерлер түзгөн. Ошондуктан эл аралык иликтөөнүн жыйынтыгы менен таанышкан соң, Голландия өкмөтү Сребреницадагы кыргын үчүн саясий жоопкерчиликти өзүнө алганын моюндап, ошондон бери Боснияга жардам иретинде он миллиондогон доллар бөлдү.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG