Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Чекти таштап, унааларга ок аткан аскер кызматкери кармалды


14-июлда эртең мененки саат тогуздар чамасында унааларга ок чыгарган аскер кызматын өтөп жаткан адам кармалды. Ок атуудан айдоочу жараат алганы айтылууда.

Ички иштер министринин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 12-июлда кечки саат он бирлер чамасында Балыкчы шаарынын аскер бөлүктөрүнүн биринде аскер кызматын өтөп жаткан адам өзү кайтарып турган чекти таштап кетип калган. Анын жанында Калашников автоматы, 60 огу жана эки окчонтою, штык бар болчу.

Ээнбаш басып кеткен аскер кызматкери «БМВ» унаасын асманга ок атып коркутуп токтотуп, анын ичиндегилерди барымтага алып алган. Оперативдүү-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 14-июлда саат тогузда шектүү адам Сары-Камыш айылында кармалды.

Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн милиция анын ата-энесин алып келген. Барымтага алынгандар бошотулуп, куралы алынды. Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Аскер кызматын өтөп жаткан адамдын эмнеге мындай жолго баргандыгы такталууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG