Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

А.Бекназаров: Бакиевдердин мүлкүнө көз арткандар көп


БЭК партиясынын лидери А.Бекназаров
БЭК партиясынын лидери А.Бекназаров

Убактылуу өкмөт мүчөсү, БЭК партиясынын лидери А. Бекназаров маанилүү үч сунушун Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү колдобой жатканын айтып, өзүнө карата айтылып жаткан айың кептерди четке какты.


"Азаттык:" - Азимбек мырза, кечээ Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү электр тармагындагы жеке менчикке өтүп кеткен объектилерди улутташтырып, мамлекетке кайтаруу боюнча сиз сунуштаган долбоорду жактырышып, кабыл алган экен. Ошол эле учурда айрым сиздин сунуштар колдоо таппай калганы маалымдалууда. Кайсы сунуштар колдоо таппай калды?

Өкмөттүн жыйыны. 14-июль 2010-жыл.
А. Бекназаров
: - Эми бул маселелер колдоо таппай калды деп айтыш кыйын. Анткени бул саясий түсү бар маселелер болчу. Бул - биринчи президент Аскар Акаевди кол тийбестик укуктан ажыратуу, Ысык-Көлдөгү Казакстанга мыйзамсыз берилип кеткен төрт пансионат жана Канттагы цемент-шифер заводунун акциялары боюнча болчу. Мына ушул үч маселе абдан оор болуп турат. Мындайча айтканда, үчүнчү жолу Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү ушул маселелерге байланыштуу атайын жыйынга келебей кворум түзбөй кюшту.

"Азаттык:" - Бул маселелерди Убактылуу өкмөттүн отурумуна кайра алып чыгасызбы?

А. Бекназаров: - Сөзсүз. Убактылуу өкмөткө кворум кылгыла деп талап кылып жатам. Сөзсүз түрдө бул маселе Убактылуу өкмөттүн отурумунда коюлушу керек. Бул маселе боюнча Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөсү кандай позицияда экендигин коомчулуктун алдында ачык билдирүү зарыл.

"Азаттык:" - Азимбек мырза Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө таандык Бишкектеги, Ысык-Көлдөгү турак-жайларды мамлекетке кайтарбай эле, жаңы бийликтин айрым “атка минерлери ээлеп алабыз деп көздөрүн кызартып” жүрүшөт деген кеп бар. Ушу күнгө чейин Максим Бакиевдин бир үйү кароосуз калган балдар үйүнө берилдиби?

А. Бекназаров: -Чындыгында көзүн арткандар абдан көп. Ошол үчүн мен Бакиевдерге таандык мүлктү кайра мамлекетке кайтарып жатпаймбы. Эмне үчүн дегенде эртеби-кечпи сот аркылуу менчик ээлери келсе, ал Бакиевдин туугандары болобу, же анын жакындары болобу, эгерде мыйзамдын чегинде “мен ушул менчиктин ээсимин” деп сотто далилдеп бере турган болсо, анда мамлекет аны кайра кайтарып бериши керек.. Ошондуктан биз буларды мамлекетке кайтарып берип жатабыз. Эгерде ээси табылбаса ал мүлк мамлекеттики болуп калат.

Бүгүнкү күндө Чүй көчөсүндөгү Бакиевдерге тийиштүү делген эки үйдү Чернобыл кырсыгында майып болгондордун биримдиги кармап отурушат. Ала-Арча резиденциясынын үстүндө 13 гектар жерге Бакиевдердин үй-бүлөсү, бир туугандары, алардын жакындары, мурдагы мамлекеттик чиновниктер курган шаарча, 90 пайызы курулуп бүтүп калган. Бул боюнча маселени дагы Убактылуу өкмөттө карап, аларды мамлекетке толугу менен өткөрүп бердик. Эмне үчүн дегенде бул кичи район мыйзамсыз курулган. Мурда анын ордунда бак-дарактар бар болчу. Алар бак-даракты мыйзамсыз кыйып, жакындарына турак-жай курушкан. Мен ойлойм, бул маселе боюнча мурдагы чиновниктердин бирөөсү дагы акчасын, же болбосо үйүн доолап келе албайт. Себеби ал жердеги курулган турак-жайлар мыйзамды одоно бузуу менен курулган. Эч бир далилдөөгө мүмкүн эмес.

"Азаттык:" - Буга чейин камакка коюлган Максим Бакиевге таандык кымбат баалуу чет элдик автоунааларды сиздин прокурор уулуңуз жана Улуттук коопсуздук кызмтанынын төрагасы минип жүрүшөт деген кептин канчалык чындыгы бар?
Максим Бакиев. 29-октябрь 2009-жыл.


А. Бекназаров: - Биринчиден менин прокурор уулум жок. Бакиевдин тушунда менин уулдарым кызматынан куулган. Азыр ыңкылаптан кийин дагы кызматсыз жүрүшөт. Муну тактап билип алсаңыздар. Менин уулдарым катардагы элдин уулдарындай эле кайсы жерде жаңжал болсо элдик кошуун менен тынчтыкты орнотууга, коопсуздукту камсыз кылууга аракет кылып чуркап жүрүшөт.

Экинчиден, мен бул маселе боюнча бир нече жолу отчетумда айткам. Максим Бакиевге тиешелүү делип кармалган 5 машине болгон. Биз аны Декрет менен мамлекеттин менчигине алдык. Себеби дегенде ал унаалардын документтери жок. Кимдики экендиги белгисиз. 2005-жылы дагы Айдар Акаевге тиешелүү деп 3 машине кармалган. Кийин аларды Бакиевдер тээп жүрүп жок кылды. Мына ошондой болуп кетпесин деп, жанагы 5 машинени мамлекеттин кармагына алдык. Мен буга чейин ар бир он күндүк отчетумда айтып атпадымбы. “Беш унаа бар тийбегиле, аларды мамлекетке алабыз”,-деп. Ал унаалар азыр президенттин иш башкармалыгынын кармагында турат. Аны эч кандай К.Дүйшөбаев, менин балам же башка бирөөнүн баласы пайдаланган жери жок. Эми аларды иш башкармалыгы кимге берсе, ошол пайдаланышы мүмкүн. Бул жөнүдө маалыматым жок.

Акыркы мезгилде менин дарегиме, уулдарымдын айланасында ар кандай ушак сөздөрдү эл арасына таркаткандар бар. Мага карата айтылган айың кептердин бардыгы жалган. Мен муну актанайын деп айтып жаткан жокмун. Тек гана болбогон нерсени, болгондой кылып айтып жаткан менин душмандарыма боорум ооруйт.

"Азаттык:" - Азимбек мырза, сиз БЭК партиясы менен шайлоого барасызбы же башка саясий партияларга кошуласызбы?

А.Бекназаров: - Аны убакыт көрсөтөт. Азыр алдын-ала бир нерсе деп айтыш кыйын. Азырынча бул маселе боюнча башка партиялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Менин парламенттик шайлоого барар-барбасым дагы ушул маселенин ичинде. Жалпы жонунан ушул маселелердин бардыгы боюнча кызуу сүйлөшүүлөр активдүү жүргүзүлүүдө.

"Азаттык:" - Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG