Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Түркия: Евробиримдикке карай узак жол


Tүркия премьер-министри Taйып Эрдоган менен британ премьер-министри Дэвид Кэмерон Aнкарада, 26-июль, 2010
Tүркия премьер-министри Taйып Эрдоган менен британ премьер-министри Дэвид Кэмерон Aнкарада, 26-июль, 2010

27-июлда Анкарада британ премьер-министри Дэвид Кэмерон Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүккө өтүшүнө каршы маанайда болгон Германия менен Францияга ачууланып, эки тарыхый өнөктөш державага ачык чакырык таштады.

НАТО мүчөсү катары Түркияга Европанын коопсуздугун камсыз кылуу милдеттендирилгени менен бул өлкөнү Еврошаркетке мүчөлүккө кабыл алуу создугуп отуруп токтоп калды. Мындай кош стандарттуу мамиле британ өкмөтүнүн кыжырын келтиререрин Дэвид Кэмерон бул ирет жашырган жок. Ошол эле кезде Евробиримдик сыяктуу абройлуу уюмга мүчө болууга азырынча Түркия даяр эмес деген көз караш да үстөмдүк кылат.

27-июнда Анкарада туруп британ премьер-министри Кэмерон Түркиянын Евробиримдикке киришине бут тосуп жатканы үчүн Германия менен Францияга ачууланды. Эми британ өкмөт жетекчиси Анкара менен Брюселдин ортосунда жол төшөөгө аракет көрөрүн айтып, ошол эле учурда биримдикке кирүүдө кош стандарттуулукка жол бергендерди күнөөлөдү.

"НАТОнун мүчөсү катары Европанын коопсуздугун камсыз кылууда Түркиянын сиңирген эмгегин жана учурда Ооганстанда европалык өнөктөштөрү менен ийиндешип аракеттенип жаткандыгын көрүп туруп, Түркиянын Евробиримдикке карай жолу тосулуп жаткандыгына кыжырым келет", деген Дэвид Кэмерон «Түркия НАТОнун эң барандуу мүчөсү жана террорчулуктун бардык түрлөрү менен "Ал-Каида" болобу, Күрд жумушчулар партиясы болобу, күрөшүүдө биздин кызыкчылыктарды тең бөлүшөт», деп кошумчалап кетти.

Түркияны Евробиримдикке кабыл алуу боюнча бейрасмий сүйлөшүүлөр 2005-жылы башталгандыгына карабастан, Франция менен Германия буга каршы позицияда турат. Германиянын вице-канцлери жана тышкы иштер министри Гидо Вестервелле Түркия азырынча Евробиримдикке кирүүгө жетиле электигин эскертип, «Түркиянын Европага карай умтулушуна биз да кызыкдарбыз. Бул бир гана экономикалык себептерге байланыштуу эмес. Түркия көп жаңжалдарды чечүүдө конструктивдүү көмөк көрсөтө алат» деп белгилеген.

Француз президенти Саркози Түркияны Евробиримдикке мүчөлүккө кабыл алууга каршы көз карашын түрктөр менен европалыктардын ортосундагы маданий айырмачылыктар Еврошериктештиктин саясий бүтүндүгүнө шек келтирүүсү мүмкүн деп түшүндүргөн.

Түркиянын өсүп бараткан экономикасы Европаны ага узак аркасын салып туруусуна жол бербестигин айткан британ премьер-министри «Ушул жылы кайсы европалык өлкө 11% өстү? Кайсы европалык өлкө 2017-жылга карата дүйнөдөгү тездик менен өнүккөн экинчи өлкө болот? Европада анын ичинде Евробиримдиктеги 27 өлкөнүн кимисинде жаштар арбын? Европада кайсы өлкө телевизор чыгарууда, курулушта №1 өлкө болуп саналат? Түркия». Дэвид Кэмерон Ирандын өзөктүк стратегиясы боюнча сүйлөшүүлөрдө Түркия ортомчулук милдетти да мыкты аткарып жаткандыгын кошумчалады.

Швециянын Уппсала университетини магистранты Камилла Асранкулова Түркияны Евробиримдикке кабыл алууда расмий Анкара ички бир топ маселелерди чечүүсү зарыл деген көз карашта:

- Эгер кайсы бир өлкө Евробиримдикке мүчө болуп кирем десе анда Копенгаген келишиминин талаптарына жооп берүүсү керек. Бул талаптар саясий, экономикалык, географиялык шарттарды камтыйт. Түркиянын көп жылдан бери Евробиримдикке кире албаганы жогорудагы талаптарга толук шайкеш келбей жатканынан десе да болот. Мисалы, көп узабай эле өлкөдөгү адам укуктарынын абалына, Кипр маселесин алса болот. Андан сырткары Евробиримдик бир уюм болгону менен анын ичинде көз караштар ар түрдүү. Европарламенттеги салмактуу делген Германия, Франция, албетте өз катарында Түркиянын болушун каалабайт. Андан кийин Европарламентте түрк өкүлдөрүнүн көп орун алышы чечим кабыл алууну татаалдатышы мүмкүн деген кооптонуу да бар.

Ошол эле учурда Түркия Евробиримдикке кабыл алынбаса да европалыктар үчүн суу кечире турган коңшу, экономикалык өнөктөш тейден кала берет дешет адистер. Ислам дүйнөсү менен христандарды жакындаштырууда да Түркия көпүрө болуп бере аларын түшүнгөн Евробиримдик бекеринен Түркияга «артыкчылыкка ээ өнөктөш» деген макам ыроолобосо керек.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG