Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Токтогулда суу өлчөмү 19,1 млрд. куб метрге жетти


Ушул тапта Токтогул суу сактагычындагы суунун өлчөмү 19 млрд. 100 млн. куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат кызматы билдирет. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын дал ушул маалында 11 млрд. 498 млн. куб метрге барабар болчу.

Токтогул суу сактагычында быйыл суу көп топтолгондуктан энергетиктер электр жарыгы быйыл кышта өчүрүлбөсүн айтышууда.

Мурдагы президент К.Бакиевдин башкаруусунда аталган суу сактагычтагы суунун өлчөмү өтө эле төмөн түшүп кетип, өлкөдө өтө ири жарык өчүрүүлөр орун алган. К.Бакиев бир жыйында элди тезек терүүгө үндөп, катуу сындарга кабылган. Ал эми ошол кездеги оппозиция өкүлдөрү Токтогулдагы суу сатылып кеткенин айтып чыгышкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG