Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:46

Аптанын маданий окуялары


Тунгуч» театрынын жаш тарбиялануучулары Үрүмчүдө өткөн эл аралык балдар фестивалында 1-орунга ээ болушкан. Бул туурасында Кыргызстан Аялдар конгрессинин төрагасы Замира Акбагышева маалымат жыйында кабарлады. Фестивалда Жамал Сейдакматова жетектеген 13 артист өз өнөрлөрүн көрсөтүп келишкен. Анда театр күйөрмандарына Ч.Айтматовдун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Бугу эне, кетпеңиз» спектаклин көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында «Фестивалга жана көркөм өнөргө кошкон чоң салымы үчүн» дипломго жана кубокко ээ болушкан.

Швейцарияда ноябрь айларында «Винтертур» эл аралык кинофестивалы өтөт. Ага беш кыргыз тасмасы тандалып алынган. «Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалар өлкөсү» долбоорунун координатору Улукбек Муратбековдун айтуусуна караганда ал фильмдердин тизмесине Садык Шер-Нияздын «Аян», Акжолтой Бекболотовдун «Бардыгы жакшы болот», Тынчтыкбек Акималиевдин «Өч алуу», Айдос Токтобаевдин «Цивилизацияга саякат», Гулира Уркумбаеванын «Сен болгон жерде» тасмалары кирген.

Бул эмгектер «Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү» долбоорунун бет ачарынын алкагында тартууланат. Ал эми маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияздын айтуусунда аталган долбоорду КМШ өлкөлөрүнө жайылтуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Кыргызстандык режиссер Наргиза Маматкулованын “Сырга” аттуу тасмасы АКШнын Сан-Диего шаарында көрсөтүлөт. Фильмдин бет ачаары Азиялык кинолордун эл аралык фестивалында болот. Белгилүү киноишмер Гүлбара Төлөмүшованын айтуусунда Маматкулованын эмгеги сунушталган 10 тасманын ичинен тандалып алынган.

Белгилүү кыл кыякчы Ванесса Мей 2014-жылы Сочиде өтүүчү олимпиадалык оюндарга катышууну көздөөдө Анда белгилүү музыкант айым лыжа жарышы боюнча ат салышат. Анын бул ою эми эл аралык олимпиада комитети макулдугун бергенден кийин гана ишке ашат.

Белгилүү “Форбс” журналы Орусиядагы эң бай жана элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон 50 жылдызды аныктады. Ал тизменин алдынкы катарында Алла Пугачева, теннисчи Мария Шарапова, хокейчи Александр Овечкин турат. Маалыматтарага караганда булардын бир жылдык кирешеси 150 млн долларга көбөйгөн.

Ал эми Сандра Буллок АКШда эң көп киреше тапкан актриса катары таанылды. Анын бир жылдык кирешеси 56 млн долларды түзөт.

Ушул жылдын 26-августунан 4-сентябрына чейин Санкт-Петербургда куурчак театрларынын фестивалы өтөт. Ага Франция, Германия, Иран өлкөлөрүнөн артисттердин келери күтүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 47 спектакль көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG