Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

А.Ибраимов: Шайлоодо тил мыйзамы сакталышы керек


Алдыдагы парламенттик шайлоого карата саясий партиялардан мамлекеттик тил мыйзамынын эрежелерин сактоо талап кылынат. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Азимжан Ибраимов “Азаттыка” айтып берди.

- Азимжан мырза, мына бүгүн-эртең күздө өтчү парламенттик шайлоо жарыяланганы турат. Буга байланыштуу саясий партиялар өздөрүнүн шайлоо кампанияларында эмнелерди эске алуулары керек. Мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын негизинде кандай талаптар коюлат?

- Туура. Биз жакында өтө турган парламенттик шайлоого карата саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө карата анча-мынча эскертүүлөрдү берип койсокпу деп ойлодук эле. Мына келаткан шайлоо биздин мамлекеттин келечеги үчүн тагдыр чечүүчү иш болуп турат. Ал эми мамлекеттик тил мыйзамына ылайык мындай распубликалык деңгээлдеги саясий иш-чаралар мамлекеттик тилде өткөрүлүүгө тийиш. Эгер зарылчылык болсо ырасмий тилге далма-дал которулса болот.

Эми өлкөбүздөгү бүгүн болуп аткан өзгөрүүлөр саясий-экономикалык багытыбызды, мамлекеттик түзүлүшүбүздү жаңылоого алып барат деп баарыбыз ишенип, ошону күтүп турабыз. Бирок ошону менен бирге биздин жарандардын жан дүйнөсүздө да рухий революция жүрсө деген тилек бар. Анткени ушул парламенттик бийликтин келиши менен кыргыз мамлекети чындап эле өнүгүп, саясий, маданий, руханий жактан да жаңы түскө ээ болсо дейбиз. Ошонун аркасында бүгүнкү саясий партиялар өз иштерин мамлекеттик тилде жүргүзсө болот эле.

Мамлекеттик тил мыйзамынын11-беренесинде ушул жазылып турат. Бардык коомдук-саясий иш-чаралар мамлекеттик тилде өткөрүлүүгө тийиш. Зарылдыгына жараша башка бирге которулса болот. Бирок биздин адат боюнча кандайдыр бир чоң иш-чара болгондо биздин партиялар, саясий лидерлер өз иштерин орусча баштап ийишет. Мына, азыркы учурда Бишкектин көп жерлеринде жанагы кермелер, тартмалар, кулактандыруулар, жарнамалар орус тилинде чоң тамгалар менен биринчи жазылып, анан кыргыз тилинде кичирээк кылып жазып коюшканын көрүп калдым. Ошолорду көрүп туруп азыр эскертүү жасап аткандагыбыз. Мамлекеттик тил мыйзамына ылайык бардык ушундай жарнамалар алгач мамлекеттик тилде берилип, андан кийин анан орусча жазылышы керек. Ошол эле учурда башка тилде берилген тексттердин тамагаларынын өлчөмү, мамлекеттик тилдеги тексттердин өлчөмүнөн чоң болбоого тийиш. Мындай болбосо мамлекеттик тил мыйзамын бузгандыкка жатат.

- Мындай талаптар бардык эле жарнама ээлерине коюлабы?

- Ооба. Биз бул талапты бардык эле жерде коюп келатабыз. Өзгөчө Бишкек шаарында мэриянын жана башка укук коргоо органдарынын катышуулары менен жумасына 1-2 жолу көзөмөл жүргүзөбүз. Ошонун натыйжасында мыйзамды бузган, жалаң орус тилинде берген, кыргыз тилинде сабатсыз жазган, биздин грамматикалык эрежелерди бузган учурлар аныкталса, биз андай жарнамаларды алып салганга барып атабыз.

- Мына азыр сиз мамлекеттик тил боюнча саясий партияларга, дегеле жарнак берүүчүлөргө эскертүү берип атасыз. Дегеле ушул сыяктуу талаптар мамлекеттик мекемелердин өздөрүнө да коюлабы. Маселен, мамлекеттик өтө маанилүү документтер орусча жазылып, маанилүү маалыматтар негизинен орус тилинде эле таркап келатпайбы. Мисалы президенттин маалымат кызматы баш болуп маалыматтардын дээрлик басымдуу бөлүгүн бир гана орус тилинде таркатышат. Балким, мамлекет тил маселесин өзүнөн башташы керектир?

- Абдан туура. “Балык башынан сасыйт” болбой мамлекеттик бийлик эң оболу өзү ушуга барышы керек. Жанагы президенттин маалымат кызматы эгерде өз ишинин басымдуу бөлүгүн орус тилинде жасап атса, анда бул биз үчүн кечиримсиз нерсе. Биз эми буга чейин деле мамлекеттик мекемелерге бул боюнча кайрылып жүргөнбүз. Эми бул багытта да ишибизди күчөтөбүз.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG