Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

БУУнун баш катчысы: Жашыруун келишим жок


Пан Ги Мун БУУ Израилдин аскерлери быйыл 31-майда Газа секторуна гуманитардык жүк тартып бара жаткан флотилияга жасаган жортуул боюнча иликтөө жүргүзүүдө ага аталган өлкөнүн армиясы тартылбагандай жашырын келишимге жетишти деген маалыматтарды төгүндөдү. Израиль аскерлеринин жортуулу учурунда түркиялык 9 активисттин өмүрү кыйылган. БУУнун баш катчысы Түркия менен Израилдин мамилесин бузган бул окуяны иликтөө боюнча төрт кишиден турган комиссия түзгөнүн өткөн аптада жарыялаган. Өз комиссиясын Израиль да уюштурган жана кечээ анда премьер-министр Беньямин Нетаньяху көрсөтмө берди. Израиль өкмөтү БУУнун комиссиясы жөөт аскерлерин суракка ала албасын ачык билдирген болчу. Кечээги басма сөз жыйында Пан Ги Мун Израиль армиясынын өкүлдөрүн сурабоо боюнча көшөгө артында эч кандай келишим болбогонун белгиледи.

XS
SM
MD
LG