Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:20

Жардамга муктаж Пакистан


Бириккен Улуттар уюму эл аралык коомчулукту Пакистандагы селден жабыр тарткан 14 миллиондой адамга тезинен жардам көрсөтүүгө чакырды. Табигый апааттын кесепетинен 1,5 миллион адам коопсуз жайларга көчүрүлдү, 1,5 миллион гектар жер иштен чыкты. Улуттар Уюму Пакистандагы селди алып келген зыяны жагынан 2004-жылы Индияны каптаган цунами жана быйыл январда Гаитиде болгон зилзала менен салыштырды.

Буга чейин Пакистандын расмий бийлиги да, эл аралык коомчулук да гуманитардык жардамды тез жеткире албай атат деген дооматтар айтылып келди. Анын эсебинен өлкөдөгү бир канча оңчул уюмдар, жергиликтүү экстремисттик топтор куткаруу жана жардам берүү аракеттерине активдүү катышып, жабыркагандарга медициналык тейлөө көрсөтүп, ысык тамак-аш таратып, жер-жерлерде активдүү иш жүргүзүүдө. Мунун баары өкмөттүн жөндөмсүз аракеттеринин алдында бир топ эле натыйжалуу болуп, эл тарабынан түрдүү пикирлерди жаратууда.

Бириккен Улуттар уюмунун маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө Пакистандын тарыхындагы эң оор алааматтын кесепетинен 1 миң 600 адам набыт болду, бардыгы болуп 14 миллион адам, анын ичинде алты миллион бала жабыркады, 290 миңге жакын турак жай кыйрап, эки миллиондой киши үйсүз калды.

Улуттар Уюмунун алгачкы жардамы селден эң катуу жабыркаган 6 миллион адамга багытталат.

Уюмдун Пакистандагы гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча атайын тобунун өкүлү Жан-Марис Риперт талкаланган шаар-кыштактарды кайра калыбына келтирүү жана алгачкы жардамды көрсөтүүгө мындан да көп каражат керектеле турганын белгиледи.

- Алааматтын масштабы өтө эле чоң. Андан жабыркаган адамдарга тез арада гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн жүз миллиондогон каражат керекетелиши мүмкүн. Ал эми реабилитация, инфраструктураны, турак жайларды кайрадан куруу үчүн мындан дагы көп миллиарддаган долларга барабар жардам зарыл боло турганын биз түшүнүп турабыз.

10-августта АКШ да Пакистанга кошумча 20 миллион доллар жөнөтөрүн, бардыгы болуп 55 миллион доллар гуманитардык жардам ажыратылганын билдирген.

АКШнын эл аралык өнүктүрүү кызматынын (USAID) директору Марк Вард алар азыр жергиликтүү уюмдар менен биргелешип иштеп жатканын айтты.

- Биз сел кайсыл жакка багыт алса, ошол жак менен иштөөнү максат кылып жатабыз. Эгер селдин агымы түштүккө жылса, биз да аракеттерибизди түштүккө багыттайбыз.

Башында суу ташкыны түндүк-батыш аймактарында катуу болуп, бир канча аптанын ичинде борбордогу Пунжаб аймагы аркылуу Пакистандын түштүк региондоруна өтүп кетти.

Бир канча эл аралык уюмдар жардам көрсөтүүгө убада беришти. Бирок иш оордунан жылбай, басаңдап жаткандай. Ошол үчүн расмий Исламабаддын жана эл аралык уюмдардын жай-баракат кол кабышы талиб кыймылы менен аралашкан ал жердеги исламчыл уюмдар, жергиликтүү экстремисттик куралдуу топтору кадам жасап кириши мүмкүн деп айрым серепчилер билдиришүүдө.

10-августта Пакистандагы Талибан кыймылынын төрагасы расмий бийлик эл аралык жардамды кабыл албашы керектигин, кыймыл бардык жардамды көтөрө ала турганын билдирди. Анын айтымында, ал акчаны жергиликтүү бийликтегилер уурдайт да, өлкө сырткы күчтөргө көз каранды болуп калат деп эскертти.

Пакистанда катуу сел жүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

XS
SM
MD
LG