Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Акмат Бакиевдин аялынын арыз-арманы


Акмат Бакиевдин аялы Зулайка Бакиева
Акмат Бакиевдин аялы Зулайка Бакиева

Улуттук коопсуздук кызматынын камагында жаткан Акмат Бакиевдин жактоочусу, “Акыйкат жолу” коомдук бирикмесинин төрайымы Бүбүайша Арстанбекова менен жубайы Зулайка Бакиева “Азаттыкка” келип, А. Бакиев камакта жатканда дарты күчөп, ур-токмокко алынып, абалы оорлоп кеткенин, ошондой эле Бакиевдер эмчектеги балдарына чейин бүт куугунтукта жүргөнүн айтып арызданышты.


Акмат Бакиев
Оор кылмыштар үчүн айыпталып, издөөдө жүргөн экс-президенттин иниси Акмат Бакиев 21-июлда кечинде Жалал-Абад шаарынан кармалган. Ага массалык тополоң уюштурган, бийликти басып алууга аракет кылган деген оор айыптар тагылып, кылмыш иши козголгон.



Б. Арстанбекова: Бакиевдер эмчектеги балдарынан бери баары куугунтукта


Бүбүайша Арстанбекова
Б. Арстанбекова:
Бакиев Акмат Салиевичтин өмүрлүк жары Зулайканын кайрылуусу боюнча Акмат Бакиевдин укугун коргоо максатында атайын каттарды жазып, тиешелүү органдарга кайрылдык. Мына ЕККУга, БУУдагы адам укуктары комиссарына кайрылдык. Кыргызстанда азыркы мезгилде Бакиевдердин урук-тукумуна чейин куугунтукталып, жада калса атасынан жашаган үйлөрүнө чейин өрттөлүп, алардын укуктарынын одоно бузулушу буга биринчи себеп болду. Кыргызча айтканда эмчектеги баладан бери куугунтукта жүрөт, талаалап үй жайынан безишип.

Акмат Бакиевдин өзүнүн азыр абалы өтө оор. Далил болсун үчүн атайын документтери колубузда турат. Биринчиден ал киши кант диабети менен ооруйт, экинчиден гепатит С формасынан церрозго өтүп кеткен мезгили болуп турат. Ошондой оор абалдагы адамды азыркы биздин убактылуу кармоочу жайларда кармоого мүмкүнбү деген суроо болот экен. Акмат Бакиев кармалган күнү ага абдан зордук зомбулук көрсөтүлгөн. Азыркы мезгилге чейин өтө катуу басым жасалууда. Абалы оор, күндөн күнгө начарлап баратат, өмүрлүк жары Зулайка өзү кирип көрүп чыкты, оозунан кан түкүрүп турат.

Азаттык: Сиздер жолукканда эмне деп айтты ур-токмокко кабылганы жөнүндө? Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү бул боюнча кандайдыр бир жооп бериштиби?

Б. Арстанбекова: Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жооп бермек түгүл, азыркы мезгилде бизге мыйзамдуу түрдө жолугушууга уруксат бербей атышат. Себеби ошол эле тергөөчүгө мен өзүм укук коргоочу катары, “Акыйкат жолу” коомдук бирикмесинен атайын кат жолдогом. Алардын талабы боюнча паспорттун көчүрмөлөрүн, күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрүн жолдогонбуз. Азыркы мезгилде ал тергөөчү ушул жерде тергөө жүргүзүп атат. Ал киши айтат: Мен уруксаат бере албайм, мен туугандарына гана уруксат берем. Сиз башка жактан укук коргоочу катары уруксаат алыңыз деп бизге уруксаат берүүдөн баш тартып аткан мезгили.

Жеке өзүбүздүн маалыматыбыз боюнча ошол ур-токмокко алынган күнү саат ондон баштап саат бирге чейин үнү басылбай, кудайга үнү жеткидей зар какшаганын көргөнүн айткан адамдар бар. Бирок алар өзүнүн коопсуздугунан коркуп, күбө катары азыр ачыкка чыга элек.

Азаттык: Сиз белгилеп кеттиңиз эле Акмат Бакиевдин адвокаттары менен түздөн түз биргеликте иштеп жатабыз деп. Мурда кабарларда айтылгандай Акмат Бакиев май, июнь айындагы баш аламандыктарга тиешеси бар деп шектелип кармалган эле. Өзү бул боюнча эмне деп атат?

Б. Арстанбекова: Акмат Бакиевдин адвокатына жолугуп сүйлөшүү мезгилиндеги өзүнүн айтуусу боюнча анын эч кандай массалык баш аламандыкка тиешеси жок. Тергөө убагында буга бир дагы далил болгон жок. Эки-үч күндөн бери тергөө жүрүп атат, бир дагы адам далилдеп чындыгында эле Акмат Бакиев ушул баш аламандыкты уюштурду, мобул жерден момундай кылды деп далилдеп берген адам жоктугуна байланыштуу ишеничтүү түрдө ал кишинин баш аламандыкка эч кандай тиешеси жок деп турабыз.

Азаттык: Акмат Бакиевди кармоо учурунда анын жанынан куралдар, бет кап дагы табылды эле, бул чынында эле ошондойбу?

Акмат Бакиевдин жактоочусу, “Акыйкат жолу” коомдук бирикмесинин төрайымы Бүбүайша Арстанбекова (солдо) менен жубайы Зулайка Бакиева (оңдо)“Азаттык” студиясында
Б. Арстанбекова:
Бет каптар боюнча мен өзүнө жолукпагандыгым үчүн маалымат бере албайм. Ал эми куралды өзүн өзү коргоо үчүн алып жүргөн. Жеке өзүнө тиешелүү мыйзамдуу документтери бар куралы табылгандыгы чын. Гезиттерге, массалык маалымат каражаттарына Акмат Бакиевдин кармалган күндүн эле эртеси жамгырдай жааган жалган маалыматтар чыгып кетти. Акмат Бакиев Оштогу баш аламандыкты уюштургандыгын мойнуна алды деген маалыматтар жүрөт. Ошол маалыматтардын бардыгы, азыр өзүнүн айтуусу боюнча дагы, тергөө убагында далилдин жоктугуна байланыштуу дагы, ошонун бардыгы жалган болуп чыкты.

Азаттык: Апрель окуясынан кийин Курманбек Бакиев Жалал-Абадда жүргөн учурда анын таламыш талашкан күчтөр облустук администрацияны басып албады беле, ошол учурда Акмат Бакиев ошол жакта беле?

Б. Арстанбекова: 7-8-апрелден кийин ал жерде Жалал-Абадда губернатор тактала элек, декрет дагы чыга элек болчу. Ар ким эле губернатор болгусу келген. Кимди ким коюп атты, мурдагы губернаторду булар койгусу келди, дагы бирөөсү болгусу келди. Губернатор кийин декрет менен такталып анан коюлбадыбы. Эми аны чындыгында сот, анан тергөө органдары чечет. Бирок менин алган маалыматтарым боюнча азыркы жүргүзүлүп аткан тергөөнүн иштери боюнча бул айыптар боюнча эч далил жок.

Зулайка Бакиева: Алты балам менен үй бетин көрбөй качып жүрөбүз

Зулайка Бакиева
Акмат Бакиевдин жубайы Зулайка Бакиева жолдошу ишкерлик менен гана алек болуп жүргөнүн, саясатка такыр аралашпаганын, 7-апрелден кийин алты баласы менен куугунтуктан качып, азыр ар кай жакта баш калкалап жүргөнүн айтып берди.


Азаттык: Зулайка, түштүк аймагында кан төгүлгөн тополоң окуялардын учурунда Акмат Бакиев кайда эле?

З. Бакиева: Акматты мен тополоң болуп ызы-чуу болуп атканда бир ай көргөн жокмун.

Азаттык: Сиз кайда болгонун демек билбейсиз?

З. Бакиева: Жок.

Азаттык: 7-апрелден кийин бир тууган Бакиевдер баары ар кай жакка баш калкалап качып кеткенин айтып кеттиңиздер. Сиздердин жашооңуздар кандай өтүп жатканын, бала-чаканыздар туурасында айтып берсеңиз?

З. Бакиева: Биз мына Бакиевдер 7-апрелден баштап үйүбүздө жашабай атабыз, куугунтукта жүрөбүз. Мен мисалы алты балам менен 4-5 айдан бери үйүбүздүн бетин көрө элекпиз. Үйлөрүбүздү криминалдар, кимдер экенин билбейбиз, бир нерселерди издеп тинтип жүрүшөт. Үйүбүзгө ордерлерди коюп салган. Ушинтип алты бала менен куугунтукта жүрөбүз ар жерде.

Азаттык: Балдарыңыздын улуусу-кичүүсү канчада?

З. Бакиева: Кичинекей балам бир жарым жашта.

Азаттык: Ушул тапта Бишкекте жашап атасыздарбы?

З. Бакиева: Азыр Акматты камагандан бери ушул жакка келдик.

Азаттык: Коопсуздук жагы кандай болуп атат күнүмдүк жашоодо?

З. Бакиева: Бизди эч ким эч нерсе кылган жок, өзүбүз эле жүрөбүз, бир жолу жолугушууга кирдим, ошол бойдон эле жүрөм.

Азаттык: Мына сентябрь жакындап атат, балдардын мектепке барышы кандай чечилип жатат?

З. Бакиева: Билбейм эмне кылышты, күтүп эле отурабыз, мына жыйырма күн калды окуу башталарына. Мектеп жашындагы балдарым төртөө.

Азаттык: Жолдошуңузга коюлуп жаткан күнөөлөр боюнча кабарыңыз бар да, ошол айыптоолор боюнча сиз кандай көз караштасыз?

З. Бакиева: Эми жолдошум бизнес менен алектенген, андай саясатка такыр аралашкан эмес. Кызматта иштеген эмес, Курманбек Салиевич президент болгондо дагы булардын эч кимисин, бир туугандарын кызматка алган жок да.

Азаттык: Азыр коомчулукта көп айтылып атат Акмат Бакиевдин Жалал-Абад облусунун көмүскө губернатору деп айтып келишкен, ушуга сиз кандай жооп айтат элеңиз?

З. Бакиева: Билбейм, мен эми үйдө алты баламды багып эле отургам да. Мен саясатка эч аралашкан эмесмин, күйөөмдүн дагы андай нерсесин угуп билген жокмун.

Азаттык: Курманбек Бакиев менен байланышып турасыздарбы?

З. Бакиева: Мурда сурачы эле, азыр ар бири ар жакта жатат да. Бүт туугандары бардыгы балдары менен кимиси кайсыл жакта жүргөнүн билбейм. Мен өзүмдүн алты балам менен жүрөм, балдарымды эч нерсе кылбаса экен деп. Азыркы заманда баары коркот экен. Мисалы менин туугандарымды деле криминалдар издеп жүрүштү. Мен өзүмдүн туугандарыма - таякелерге качып барсак, ал жакка да барды криминалдар, ошентип кайрадан качтык.

XS
SM
MD
LG