Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

ЖККУ саммитинде - Кыргызстан башкы маселе


ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммити
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммити

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Ереванда өткөн бейформал саммитинде Кыргызстандагы кырдаал негизги маселе катары талкууланды. Жыйында Кыргызстанга атайын аскердик техникадан жана гуманитардык жардам көрсөтүү чечим дагы бир ирет колдоого ээ болду. Учурда жардам көрсөтүүнүн жол жоболору аныкталып жатат.

Президент Роза Отунбаеванын Ереванга болгон иш сапарынын жыйынтыктары туурасында президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков “Азаттыкка” ой-пикир бөлүштү.

-Саммитте алгачкы маселе катары Кыргызстандагы кырдаал талкууланган экен. Дегеле өлкөдөгү абалга кандай баа берилди?

- Негизи жакшы баа берилди, ЖККУ өлкөлөрү толук бизди колдоп атат. Андан тышкары ЖККУ өлкөлөрү эки тараптуу жана бизге түздөн-түз жардам берет. Маселелердин бары толук чечилди. Роза Исаковна өзү ар бир президент менен сүйлөшүп чыкты бул суроолор боюнча.

-Конкреттүү кандай жардамдарды көрсөтөт экен?

- Жардам эки тармакта болот. Биринчи, эң негизгиси Кыргызстанга спецтехника менен жардам беришет. Андан тышкары гуманитардык жардамдар болот. Мисалы азыр Казакстан курулуш материалдары боюнча жакшы жардам берип атат. Орусия күйүүчү майлоочу майлар боюнча. Андан тышкары биздин мамлекеттик кызматкерлерди окутабыз деп атат. Армения бизге "Тез жардам" машинелерди беребиз деп жатышат. Азыр ошонун бардыгы даярдалып атат. Эң негизгиси Кыргызстан боюнча ЖККУ жакшы баа берип атат.

-Жакшы баа берип атат дегенди кандай түшүнсө болот?

- Азыркы бийлик өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөп турат деп түшүнүп жатышат. Булар ушуга карата биз силер менен түздөн-түз катышып, колдон келе турган жардамыбыздын баарын беребиз деп атышат.

-Буга чейин эле ЖККУ Кыргызстанга жардам берүү чечимин кабыл алып, анда тогуз тик учак, унаалар, милиция кызматкерлерине керектүү жабыдыктарды бермей болбоду беле. Эмне үчүн анын аткарылышы ушул убакка чейин кечеңдеп жатат?

- Бул маселени да тактадык, көрсө техникалык параметрлери такталып атыптыр, бул кандай процедуралары менен берилет, ошонун бары такталып чыгыптыр. Эми буюрса айтылган жардамдын баары келет.

-Техникалык жардамдарды кайсы убакта Кыргызстан алып калат экен?

- Президент азыр күч органдарына тапшырма берди. Кудай буюрса, сүйлөшүүлөр жүрөт. Ал жерде мөөнөттөрү такталат.

-Алдыда парламенттик шайлоо боюнча дагы маселелер козголдубу. Анткени буга чейин орус президенти Дмитрий Медведев парламенттик башкаруу моделинин кантип иштеп кетээрин элетете албай турганын билдирген эле да?

- Биз байкап атабыз, ошол эле Россия Федерациясы дагы биздин өлкөдөгү өтүп аткан процесстерди түшүнүп атат. Дмитрий Анатольевич өзү дагы муну айтты жолугушууда. Биздин президент дагы толук маалымат берди, кандай даярдыктар өтүп атат, шайлоо качан жана кандай өтөөрү боюнча.

-Техникалык өкмөт антикризистик планын иштеп чыкпады беле. Бул саммитте өлкөнү кризистен чыгаруу боюнча кандайдыр бир сунуштар айтылдыбы?

- Албетте, бул жакта антикризистик фондго кирген өлкөлөр, Орусия, Казакстан бизди толук колдоп атат. Азыр Кыргызстан өзүнүн заявкасын берди, бир аз процедуралык суроолор калды. Ошонун баарын эң кыска мөөнөттө Кыргызстан да жасап чыгыш керек. Анткени биз антикризистик фондго кириш үчүн 1-2 документти ратификация кылып, өзүбүз да даярданып алышыбыз керек. Ушул боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп атат, ички процедуралар да бүтүп атат. Мен ойлойм, колдоо болот го деп. Эң негизиси ЖККУ өлкөлөрү бизге жакшы позитивдүү карап атат.

-Бул жардам кандай шартта берилип жатат?

- Бул жардам акысыз берилип атат. Антикризистик фонддун өзүнүн эрежелери бар, андан жеңилдетилген кредит берилет. Ал боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп атат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG