Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Жалал-Абад облусуна 567 мугалим жетпейт


Мындай маалымат бүгүн облустук бийликтин окуу жылына даярдык маселесин караган кеңешмесинде айтылды. Анда жаш адистер мектептерге барбай жатканы, май, июнь айларындагы окуялардан кийин башка жактарга 69 мугалим чыгып кеткени тууралуу сөз болуп, баш аламандык болгон Жалал-Абад шаары менен Сузак, Базар-Коргон, Ала-Бука, Ноокен райондорундагы мектептерге коопсуздук кызматтары киргизилгени белгиленди. Мындан сырткары мугалимдердин социалдык-экономикалык муктаждыктарын канааттандыруу алымсындырбай жатканы айтылып, кемчиликтерди оңдоого жергиликтүү бийлик башчыларына 15-сентябрга дейре мөөнөт берилди. (YA)

XS
SM
MD
LG