Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:01

Кыргызстан: Туруксуз кырдаал, туруктуу кризис


Кыргызстанда жаңы ГЭСтин ишке кириши, алдыдагы шайлоого даярдык жана башка саясий окуяларды дүйнөнүн бир топ гезит-журналдары кызуу талкуулоодо.

ЕККУнун полициясы Кыргызстанга барбайт

30-августта Өзбекстандын көз карандысыз маалымат кызматы Uznews.net “Tageszeitung”деген немис гезитине шилтеме жасап, июндагы кандуу окуядан кийин ЕККУнун полициячылар тобу «Кыргызстандын түштүгүнө барбайт» деген макаласын басып чыгарды.

Анда Германиянын депутаты Виола вон Крамон жума күнү президент Роза Отунбаева менен жолугушуп, ЕККУнун кеңешчи тобу Кыргызстандын түштүгүнө акыры киргизилбейт го деген жыйынтыкка келгенин билдирди.

«Роза Отунбаева ЕККУнун полициячыларын киргизүүнү буга чейин колдоп келген. Бешинчи күнү күнү болсо мындай жоопкерчиликти ала албайм деди», - деп билдирген Виола вон Крамон ошол макалада.

Кыргызстанда 10-августка белгиленген парламенттик шайлоого 12 партия катышмак болду


30-август кандидаттарды тизмеге киргизүүнүн акыркы күнү. Шайлоонун босогосунда турган кыргыз бийликтин алдында дагы көптөгөн социалдык, экономикалык проблемалар турганы, жаңжалда жабыркаган түштүктүн тургундарын жайгаштыруу маселелери чечилбей эле калганы жөнүндө Орусияда «Независимая Газета» жазат.

Борбордук бийликтин алсыздыгы

Eurasianet.org июнь окуясынан кийин Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы жалпы саясий кырдаалды сүрөттөйт. «Ош окуясы боюнча Эл аралык кризистик топ жана Хьюман Райтс Вотч уюмунун басып чыгарган баяндамаларынын алкагында айрым расмий бийлик адамдары дагы эле Кыргызстандын бардык проблемаларында эл аралык коом күнөөлүү деп эсептейт» - деген сыяктуу пикирлер талкууланат. Макала ошондой эле борбордук бийликтин айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таасир этүүгө күчү жетпей, ал канчалык алсыз экени жөнүндө баяндайт.

Ошондой эле коогалаңды иликтөө үчүн түзүлгөн улуттук комиссия тиешелүү түрдө иштебей жатканы, белгилүү серепчи Александр Князев ошол комиссиянын катарынан чыгып кеткени айтылат.

Демократиялык реформалар ара жолдо калабы?

«Этникалык тазалоону кыргыз бийлиги колдодубу?» деген макалада журналист Грегори Фейфер Кыргызстандын демократиялык жолго түшүп, реформаларга жетүү максаттары орундалбай калышы мүмкүн деп жазат. Роза Отунбаеванын союздаштары бөлүнүп, ал эми оппозиция күч алып атканынан, июндагы этностор аралык араздашуунун себептери боюнча эч кандай чечим чыкпаганынан, өлкөдөгү мындай «эмне болот?» деген белгисиз абал көпкө чейин сакталышы мүмкүн деп жазат. Автор макаланы «Кыргызстанда туруктуу кризис кала берет» деген белгилүү саясатчы Марс Сариевдин пикири менен бүтүрөт.

XS
SM
MD
LG