Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Жалал-Абадда коогалаңды уюштурган делгендердин иши сотко өттү


Жалал-Абад облусунун прокуратурасы ушул жылдын май-июнь айларында аталган облуста орун алган массалык баш аламандыктар боюнча ачылган кылмыш иштеринин бирөөсүн жыйынтыктап, сотко жөнөттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тергөөчүлөр Жалал-Абад облусундагы өзбек маданий борборунун президенти Кадыржан Батыровдун, борбордун вице-президенти жана “Дидор” гезитинин башкы редактору Улугбек Абдусаламов жана башка өзбек диаспораларынын лидерлери 7-апрелден кийин активдүүлүктөрүн күчөтүп, бир катар мыйзамга каршы келген иштерди жасашканын аныкташкан. Аталган адамдар 12-16-май күндөрү жалаң гана өзбек тектүүлөр жашаган жерлерге барышып, күч органдарындагы жогорку кызматтарды күчтөп тартып алууга, чогулгандарды этностор аралык кагылышка үндөшкөн.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча У.Абдусаламовго 221-берене (коммерциялык жана башка уюмдардагы кызмат абалынан кыянатпайдалануу), 233-берене (массалык баш аламандыкка үндөө жана ага катышуу), 295-берене (сепаратисттик ишмердүүлүк) жана 299-беренелер (этностор аралык чыңалууну күчөтүү) боюнча айып тагылууда. Ошондой эле А.Акбаров, О.Караматов, М.Ахмедов сыяктуу өзбек тектүү активисттерге да ушул сыяктуу айыптар тагылууда.

Ушул тапта эң башкы айыпкерлердин бири делген К.Батыровдун өзүн издеп табуу жана айыбын мойнуна коюу иштери жүргүзүлүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG