Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Жаңы сөз: кыргыз кантип твиттейт


Азим Азимовдун "твиттүү" футболкасы
Азим Азимовдун "твиттүү" футболкасы

«Иштеген тиштейт, иштебеген твиттейт». Жаңы замандын бул жаңы макалын сиз билбешиңиз толук мүмкүн, себеби анын автору Азим Азимов аны эми гана ойлоп тапты. Ойлоп таап, футболкасына бадырайта жазып алды. Бул футболканын сүрөтүн Фейсбук деген интернеттеги социалдык баарлашуу сайтынан көрө аласыздар.

Жаңыл Жусупжан: Интернет колдонбогондор үчүн бул твиттейт деген жаңы сөздүн сөздүн артында турган твиттер сайты эмнени билдирет, аны кандайча колдонот?

Азим Азимов: жалкоолор твиттейт!
Азим Азимов:
Мындай нерсени көрбөй туруп түшүндүрүш кыйын, бирок аракет кылып көрөйүн. Интернетте twitter.com деген сайт бар. Анын өзгөчөлүгү ал жерде 140 белгиден ашпаган көлөмдө билдирүү, каалоо, ой-пикириңизди жазып тура аласыз.

Жаңыл Жусупжан: «Иштебеген твиттейт» дегениңизге каранда, твиттегендер иштегенди жактырбаган жалкоолорбу?

Азим Азимов: Aндай десе да болот, бирок бул тамаша маанисинде айтылган нерсе. Себеби, байкап көрсөңөр, дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин твиттеген кишилердин активдүүлүгү аябай жогору, ал эми дем алыш күндөрү жазбай калышат. Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Демек, көп кишилер жумушта отуруп твиттешет.

Жаңыл Жусупжан: Силер өзүңөр твиттейсиңерби?

Азим Азимов: Мен твиттейм, бирок кээ бирлерге окшоп, 24 саат бою твиттебейм.

Жаңыл Жусупжан: Силер эмне тууралуу твиттейсиңер?

Азим Азимов: Эгер твиттерди карап көрсөңөр, президент Роза Исаковнадан (Отунбаевадан) баштап, саясатчы, аналитиктерди көрө аласыз. Мен болсом, өз жашоосу жөнүндө жазган «катардагы» твитчилердин катарына кирем. Күнүгө 5-6 жолу жазышым мүмкүн.

Жаңыл Жусупжан: Силер кыргыз тилине жаңы «твиттөө» деген сөздү киргизип жатасыңар: иштебеген твиттейт экен. Ушул көз караштан алганда, башка сөздөр да бар. Айталы Фейсбук (facebook.com) бар. Фейсбуктагылар эмне кылат деп айтышыбыз керек.

Азим Азимов: Фейсбукташат деп айтса болот го.

Жаңыл Жусупжан: Азыр визитка менен алмашпай эле, «Фейсбуктан көрүшөлү» дешчү болду. Анда биз да анда Фейсбуктан көрүшөлү, себеби мен твитте жокмун. Ал эми силер твиттешкендер тууралуу жазуусу бар футболкаңызды качан кийип чыгасыңар?

Азим Азимов: Мен футболкага (бул макалды) жаздырып койдум, жакында кийип чыгам го.

P.S: Азим Азимов – Бишкектеги Борбор Азиялык Америкалык Университетте маркетинг бөлүмүндө иштейт. Анын Твиттердеги, же Фейсбуктагы профилин Azim Azimov деп издеп тапса болот.

XS
SM
MD
LG