Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Чек арачыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө


Кыргызстандын чек ара аскерлеринин башкы оперативдик башкармачылыгынын жетекчиси Саид Эратовдун «Азаттыкка» билдиришинче, чек ара аскерлеринин кол башчысы Закир Тиленов баштаган топ Ферганада кармалып турган оофицерлерди кайтарып алуу боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөр. Жолугушуу Кадамжай менен Өзбекстандын Водил аймагынын ортосундагы чек арада болот. Чек арачылардын кандай шарт менен бошотулары азырынча белгисиз.

Кыргызстандын полковник жана подполковник чининдеги эки чек арачысын Өзбекстандын чек ара аскерлеринин атайын бөлүгү 31-августта Кадамжай районунда, чек арадагы өткөөл бекеттердин ортосундагы бейтарап аймакта өзбек тарап менен жумушчу жолугушууга келген учурда күч менен алып кеткен эле.

XS
SM
MD
LG