Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

TI: "Экономикалык мунапыс – аргасыз чара"


Кыргызстанда экономикалык кылмыш жасагандарга кечирим бериле турган болду. Transparency International - дүйнөдө коррупциянын деңгээлин изилдеген көз карандысыз уюм. Анын Европа жана Борбор Азия боюнча директору Миклош Маршалл "Азаттыкка" сүйлөп жатып, кыргыз бийлигинин чечимин “аргасыз чара” деп сыпаттады.

Миклош Маршалл: Жалпысынан айтканда, экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс жарыялоо - аргасыз чара, бирок белгилүү кырдаалдарда ал абалдан чыгуунун жолу болушу мүмкүн. Бул Кыргызстандагы азыркы кырдаалга да тийешелүү. Мунапыс берүүгө келгенде, бир катар факторлорду эске алыш керек. Биринчиден, Кыргызстан узакка созулган өткөөл мезгилди, зор өзгөрүүлөрдү башынан өткөрдү. Ал мезгилде мыйзам-эрежелер өтө чабал болду. Ошого жараша коррупция, кылмыштуулук, мамлекеттик каражатты «кымырып» алуунун башка жолдору мүмкүн болду. Жеке менчиктештирүү ачык-айкын жүргүзүлгөн жок. Өткөөл мезгилдеги баш-аламандык экономикалык кылмыштар үчүн өтө жагымдуу шарт түздү.

Өлкөдө мыйзамдуулукту сактоо органдарынын даремети да өтө чектелүү экенин билебиз. Экономикалык кылмыштарды иликтеп, сот жообуна тартуу дээрлик мүмкүн эмес. Мына ушул кырдаалдарды эске алганда, кылмыштардын бардыгынын бетин ачуу мүмкүн болбогон шартта мунапыс жардам боло алат. Анын үстүнө мунапыс уурдалган мүлктүн бир бөлүгүн кайтарып алууга жол ачат жана жаңы башталыш үчүн кырдаалды ачыктап алууга мүмкүндүк берет. Бул карт бланш (аракеттер эркиндиги), мен түшүнгөндөн, 1-октябрга чейин күчүндө болот, ал мезгилде жаңы убактылуу чаралар иштейт, андан пайдаланып калбагандар тийиштүү жазасын алат.

Жаңыл Жусубжан: Курманбек Бакиевдин тушунда да «каржылык мунапыс жөнүндө» мыйзам чыккан эле. Эгер бийлик алмашкан сайын эле, ага чейинки колу туткак атка минерлерге кечирим бериле берсе, андай өлкөнүн келечеги болобу?

Миклош Маршалл
Миклош Маршалл:
Абдан маанилүү маселе. Мунапыстын эң башкы жана жөнөкөй эрежеси – аны бир жолу гана өткөрүш керек. Эгер аны кайталай берсе, мунапыс максатына жетпейт. Ошондуктан, алдыдагы беш жылда мунапыс болбой турганы анык болушу керек. «Мен бүгүн билгенимди кылам, беш жылдан кийин мунапыс болот, суудан кургак чыгам» деген түшүнүктүн жаралышы таптакыр туура эмес. Мен президент Роза Отунбаеваны көптөн бери эле билем. Анын мунапыс жарыялашы жаңы башталышка жол ачуу үчүн баш-аламандыкты токтотуу максатын көздөгөн, ак дилден жасалып жаткан кадам деп ишенем. Бул акыркы мунапыс болуп калышы керек. Ага кошулгандар Кыргызстанды кайра курууга катышсын. Ким кошулбаса, мыйзам алдында жооп берсин.

Жаңыл Жусубжан: Кыргызстан бүгүн чет-элдик донорлордун талаптарын аткара албагандыктан же аткаргысы келбегендиктен, убада кылган бир миллиард доллардан ашык жардам каражатын ала албай жатат. Эми донорлор «мамлекеттик мүлктү уурдап, талагандарга кечирим берип жатасыңар» деп, таптакыр чалкасынан кетпес бекен?

Миклош Маршалл: Борбор Азиядагы, Кыргызстандагы кырдаалды билген «сабаттуу» донорлор мунапыс айла жоктон берилип жатканын, ал реформалардын жаңы доорун баштоо үчүн зарыл болгон реалисттик кадам экендигин түшүнүшөт. Бул аракеттер жаңы эрежелердин негизинде жүргүзүлүшү керек. Эгер ушундай шарттар сакталса, донорлор мындай мунапысты кабылдашы мүмкүн. Бул - мунаса (консенсус) сыяктуу нерсе. Мисалы, бир фирманын былык иштери билинип калса, мамлекет аны менен мунасага келиши мүмкүн. Мындай нерсе Батышта көп эле кездешет. Компания күнөөсүн мойнуна алып, белгилүү сумманы төлөп берет. Ошондон кийин анын ишин тергөө жана кылмыш иши токтотулат. Өнүккөн өлкөлөрдө адатта корпорациялар ушундай кырдаалга туш болушат. Бул эң туура жол эмес, бирок акчаны, убакытты сарамжалдоого мүмкүндүк түзүлөт. Ошондуктан, бул - кабылдоого боло турган чара.

Жаңыл Жусубжан: Сиз мыйзамдары иштеген жана сот системасы көз карандысыз болгон өнүккөн өлкөлөрдү айтып жатасыз, ал эми Кыргызстан өңдөнгөн демократиялык институттары али чабал мамлекеттерде элдик мүлктү уурдаган кылмышкерлерге кечирим берген туурабы?

Мунапыс эски доорду чоң саясий жаңжалсыз бүтүрүүгө шарт түзөт
Миклош Маршалл:
Бул дагы өтө маанилүү маселе. Мага жалпылаштырып, андай же мындай деп кесе айтуу кыйын. Бирок, принцибинде, бул мүмкүн. Ал үчүн мунапыс жаңы реформа доору менен коштолушу керек. Бул - чечүүчү фактор. Мен оптимисттик пикирдемин. Кыргыз бийлигинде азыр реформанын жаңы доорун баштоого кайталангыс мүмкүнчүлүк бар. Мунапыс эски доорду чоң саясий кармашсыз бүтүрүүгө шарт түзмөкчү. Мунапыс өлкөдөгү саясий туруктуулукту сактоого да көмөктөш болот, ал эми терең реформалар үчүн саясий туруктуулук зарыл. Ушундан улам, мен бул мунапыска оптимисттик көз караштамын.

Жаңыл Жусубжан: Сөзүңүзгө аралжы. Өлкөдө бүгүн кырдаал татаал, президент Отунбаеванын таасири чектелүү экендигин айгинелеген кырдаалдар бар. Президенттин мунапысты аягына чыгарып, тийиштүү реформа жүргүзүүгө даремети жетеби?

Миклош Маршалл: Мен Роза Отунбаеваны ал Лондондо Европалык Кайра Куруу жана Өнүктүрүү банкында Кыргызстандын баш өкүлү болуп турган кезден бери билем, 10 жылдай болуп калды. Ал биздин уюмдун штаб-квартирасына келген. Аны анти-коррупциялык чаралар абдан кызыктырчу. Келип, «Транспаренси интернешнэлден» кеп-кеңеш сураган. Мен аны кийинки кездери көргөнүм жок, бирок Отунбаеванын Кыргызстандагы реформалар боюнча өзүнүн көз карашы, пландары бар деп ишенем. Ал мындай пландарын ишке ашыра алабы-жокпу - башка маселе, бирок ага мүмкүндүк беришибиз керек.

P.S. Былтыркы отчетунда "Transparency International" Кыргызстанды эң коррупциялашкан 20 өлкөнүн катарына койгон (180 өлкөдөн 162-орун).

XS
SM
MD
LG