Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Айрым эл аралык уюмдар Аскаровдун ишин кайра кароого чакырууда


"Эларалык мунапыс" уюму А.Аскаровго каршы ишти "жасалма" деп атап, аны тез арада түрмөдөн бошотууга чакырган
"Эларалык мунапыс" уюму А.Аскаровго каршы ишти "жасалма" деп атап, аны тез арада түрмөдөн бошотууга чакырган

Ноокенде өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров июнь окуяларындагы кылмышка катышкан деп табылып, өмүр бою түрмөгө кесилгенин адам укугун коргоочу эларалык уюмдар кескин айыптап жатышат. Алардын ишениминде, тергөө иштери да, сот процесси да мыйзам бузуулар менен коштолуп, азырынча жалаң гана өзбек улутундагы адамдарга каршы жасалууда.

Базаркоргондук адам укугун коргоочу Азимжан Аскаровду өмүр бою түрмөгө кескен өкүмдү Human Rights Watch эларалык уюму кайра карап чыгууга чакырды.

“Amnesty International” (же “Эларалык мунапыс”) уюму Аскаров кармалгандан тарта эле аны күнөөлөп-соттоо натуура экенин, анын күнөөсү эч далилденбегенин, убактылуу кармоочу жайда аны ур-токмокко алышканын, психологиялык басым көрсөтүп, адвокаттары менен сүйлөштүрүшпөгөнүн айтып жаткан. Шаршембиде болсо соттун өкүмү чыккандан кийин, уюмдун Борбор Азия боюнча расмий өкүлү Андреа Хубер өкүмгө терең нааразылыгын билдирди.

"Акыйкатсыз сот"

“Бул такыр эле акыйкатсыз сот болду. Аны убактылуу кармоо жайында уруп-сабашкан, адвокаты менен туугандарына кысым көрсөтүп, кол көтөрүшкөн. Өкүмгө аябай зээнибиз кейип турат, - деди “Азаттыкка” Андреа Хубер. - Мына ушунун баарын эске алганда, анан Азимжан Аскаровдун там-жайын опуздоо такыр эле акылга сыйбаган нерсе”.

Human Rights Watch да бийликтерди тергөө иштери жана сот учурунда айыпталуучунун, анын адвокаттары менен туугандарынын коопсуздугун камсыз кыла албаганы үчүн күнөөлөдү.

Уюмдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Андреа Берг: “Сот деген акыйкаттыкты жакташ керек эле, бирок бул ирет ал өч алуу үчүн иштегендей болду”, - деди.

Аскаров жана аны менен кошо соттолгондор - Кыргызстандын түштүгүндө июнда болгон улуттар аралык жаңжалга тиешеси бар деп күнөөлөнүп жаткан жүздөгөн адамдардын катарында. Бирок азырынча июндагы кылмыштар боюнча үч гана иштин үстүнөн сот же жүрүп жатат, же аяктады. Азыр эларалык укук коргоочуларды өзгөчө кыжаалатка салып жаткан нерсе ошол үч иштин баарында айыпталуучулар жалаң гана өзбектер болгонунда.

Этникалык өңүт

Маселен, биринчи соттун чечими 3-сентябрда Кара-Сууда чыкты. Райондук сот өзбек тектүү Жахангир Базаровду “кагылышууларда бир адамды өлтүргөн” деп, 23 жылга түрмөгө кести.

Экинчи соттун чечими ушул шаршембиде Ноокенде чыкты. Азимжан Аскаров менен кошо соттолгон сегиз адамдын баары өзбектер. Беш адам өмүр бою түрмөгө кесилди. Экөө жыйырма жылдан, бири тогуз жылга эркинен ажыратылды.

Үчүнчү иш 13-сентябрда Жалал-Абадда башталып, анда айтылуу “Сампа окуясы” талдана баштаган. Анда 16 адамды өлтүрүүгө катышкан делген 19 киши айыпталууда. Сот ошол күнү кыска эле өтүп, “күбөлөрдүн толук келбегенине байланыштуу” 22-сентябрда улана турган болду. Бул ирет сотто алардын 14нүн иши каралып жатат, баары - өзбектер.

Дүйнөдөгү укук коргоочулар июнь окуяларын иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоо иши азырынча жалаң гана өзбектерге каршы жасалып жатат дегени да ушундан.

"Жыйынтык чыгарганга эрте"

Human Rights Watch уюмунун изилдөөчүсү Анна Нейстаттын айтымында, адамдарды соттоодогу этникалык мындай мамиле нааразылыкты дагы күчөтүп, ансыз да араң турган кырдаалды курчутушу мүмкүн.

“Азыр абал туруксуз, өтө чыңалып турат. Ошондуктан азыр өкмөт өзүнүн ар бир кадамы башкалар тараптан кандай кабыл алынаарын алдын ала божомолдоп, этият аракеттениши керек, - деди ал “Азаттыкка”. - Азырынча алардын аракети бир улутту экинчисинен өйдөрөөк койгондой таризде таржымаланып жатат. Бул стабилдүүлүккө алып келбейт”.

Ошол эле учурда, Нейстат азырынча “Кыргыз бийликтери кыргыздарды соттобойт” деп тыянак чыгарууга эрте деп эсептей турганын айтты.

Өз кезегинде бийликтер июнь окуяларын иликтөөдө кылмышкерлерди улутуна карап соттоо деген ниети жок экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG