Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Н.Токтакунов: А. Аскаровго коюлган айыптар толугу менен далилденген жок


Жактоочу Нурбек Токтакунов Бишкектеги жыйында.22-апрель, 2010-жыл.
Жактоочу Нурбек Токтакунов Бишкектеги жыйында.22-апрель, 2010-жыл.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун күнөөсү сотто далилденбегенин, бул иш боюнча Жалал-Абад облустук сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылышарын анын жактоочусу Нурбек Токтакунов "Азаттыктын" таңкы маегинде кеп салып берди.

- Базар-Коргон райондук соту укук коргоочу Азимжан Аскаровду 13-июнда башаламандыкты уюштурган, адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деген айып тагып, өмүр бою эркинен ажыратууга жана үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүүгө чечим чыгарды. Нурбек мырза, ага жана аны менен соттолуп жаткандарга чыгарган соттун чечимине кандай баа бересиз?

Айыпталуучу Азимжан Аскаров сотто. 6-сентябрь, 2010-жыл.
Нурбек Токтакунов:
Менин оюмча Азимжан Аскаровго коюлган айыптар толугу менен далилденген жок. Сот чечимин Кылмыш жаза процессин бузуу менен чыгарды. Анткени тергөө да, сот да адам укуктарын бузуу менен өттү. Мисалы, айыпталуучулар, соттолуучулар өздөрүнүн жактоочулары менен жетиштүү деңгээлде жолугуша алышкан жок. Жолугууга мүмкүнчүлүктөрү да болгон жок. А.Аскаровдун жана башка соттолуучулардын денесиндеги жаракаттар боюнча текшерүүлөр болгон жок. Соттук-медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн жок. Алар “биз жыгылып кеттик же камерадагы жанымдагы адам сабады” деп жалган шылтоолорду айтышты. Себеби алар коркконунан ушундайга барды.

Сот процессинде адвокаттардын иштөөсүнө такыр мүмкүнчүлүк берилбеди. Тескерисинче, айыпталуучулар бир нерсе деп айтышса эле жабырлануучулар тарабынан тикелей коркутуулар болуп турду. Ал эми сот аларга эч кандай көңүл буруп, чара көргөн жок.

- Сиз жактоочу катары Азимжан Аскаровдун иши менен таанышканда, анын таламын талашканда прокуратура, милиция тарабынан сизге кысым көрсөтүлгөн жокбу?

Нурбек Токтакунов: Жок, укук коргоо органдары тарабынан мага эч кандай кысым болгон жок. Бирок мен Базар-Коргон районуна жактоо иштерин жүргүзгөнү барганда ушул укук коргоо органдарынын арасынан бирөө жабырлануучуларга менин келгенимди айтып, маалымат берип койчу. Жабырлануучулар келип мени иштетпей коюшту.

- Эми бул иш боюнча соттун жогорку инстанцияларына кайрыласыңарбы?

Нурбек Токтакунов: Биз Жалал-Абаддын облустук сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылабыз. Анан ушул ишти Бишкекте караш керек деген өтүнүч киргизебиз. Анткени түштүктө жактоочуларга иштөөгө эч бир мүмкүнчүлүк болбойт экен. Чын-чынына келгенде адвокаттар сот жараянында жөн эле унчукпай отурушту. Ошондуктан бул ишти бул жакта өткөргөн жөндүү болот.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG