Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

Баткен: чек арада атылган октон бир жаран жаракат алды


Баткен облусунда кошуна өлкөлөр менен чек аралардын ушул күнгө чейин такталбай келиши ар кандай чыр-чатактарга себеп болуп жатканы айтылып келет.
Баткен облусунда кошуна өлкөлөр менен чек аралардын ушул күнгө чейин такталбай келиши ар кандай чыр-чатактарга себеп болуп жатканы айтылып келет.

Баткендин Өзбекстан менен чектешкен Кайтпас айылынын бир туругуну чек арада атылган октон жараат алды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү учурда бул окуя териштирилип, өзбек чек арачылары эмне үчүн башка өлкөнүн аймагына ок атышканы такталып жатканын айтууда.

28 сентябрь күнү кечке жуук Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектешкен Кайтпас айылынын 32 жаштагы тургуну Алмаз Жороев жоголгон уйларын издеп, талаага чыккан. Ал чек ара тилкесинен жарым чакырымдай бери жүргөн учурда Өзбекстан тараптан эч кандай эскертүүсүз ок атылып, жаракат алган. Ок Алмаздын сол жак далысына тийип, денесинде калып калган.
Уй издеп таалага чыкканбыз, анан эле бир убакта Өзбекстан тараптан ок атылды. Эч кандай эскертүүсүз түз эле мени көздөй атты...А. Жороев

Мал издеп чыгып, окко кабылып...

Ок тийген жаран азыр облустук ооруканада жатат. Биз ал жаткан бөлмөгө баш бакканыбызда абалы баштагыдан бир топ дурус болуп калган экен. Дарыгерлер анын денесинде калып калган окту алышыптыр. Алмаз Жороев бизге бул окуяга кандайча кабылып калганын айтып берди:

- Жоголгон малды издеп, чек ара жакка баргам. Жанымда досум бар эле. Чек арага көп деле жакын эмес болчубуз, жарым чакырымдай аралык бар болчу. Талаада эки бала жүргөн экен, ошолордон сурамакчы болуп токтогонубузда, ок атылып калды. Карасам өзбек чек арачылары жүрүптүр, алар алыс болчу, карааны эле көрүнгөн. Эскертүүсү жок эле түз эле бизге атты. Анан чек арачылар көбөйүп кеткенинен биз качтык. Ок тийгенин деле байкаган эмесмин. Бир чакырымдай жүргөндөн кийин кийимим канга чыланып калганын досума айтсам, ал сол капталыма ок тийгенин көрүп, ооруканага алып келди.

Ок эмне үчүн атылды?

Учурда кыргыз тараптын тиешелүү кызматтары бул окуянын себептерин иликтөөдө. Облустук бийликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев бул окуя боюнча атайын иликтөө тобу түзүлүп, Өзбекстан тараптан эмне үчүн башка өлкө аймагына карай ок чыкканы иликтенип жатканын айтат:

- 28-сентябрда Өзбекстандын аймагынан Кыргызстанды көздөй ок атылган. Тактап айтканда, Алмаз Жороев аттуу биздин жаран чек арадан 500-600 метрдей бери жакта унаасына отуруп жаткан маалда азырынча аты-жөнү тактала элек бир өзбек чек арачысы ага карата ок чыгарган. Азыр ок жеген жигиттин ден соолугу дурус эле, облустук оорукананын хирургия бөлүмүндө дарыланууда.Окуя болгондон көп өтпөй кыргыз тараптан тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү ал жерге жетип барган. Азыр бул иштин чоо-жайы иликтенүүдө.

Азырынча бул окуя тууралуу Өзбекстан тараптын расмий мамилесин билүүгө мүмкүн болгон жок. Ошол эле учурда кыргыз тарап да бул ок атуу боюнча Өзбекстанга расмий кайрылган-кайрылбаганы кабарлана элек.

Жергиликтүү тургундар болсо кыргыз-өзбек чек арасында мындай окуялар акыркы он жыл ичинде көнүмүш адатка айланып калганын айтууда. А түгүл өзбек чек арачыларынын огунан кыргызстандык жайкын тургундардын ажал тапкан учурлары да жок эмес. Мындай окуяларга негизинен чек аралардын ушул күнгө дейре так аныкталбай жатышы себеп болгону айтылып келет. Кыргыз тараптын Өзбекстанга мындай окуялар боюнча кайрылууларынын биринен да оң натыйжа чыккан жок.

Айрым талдоочулардын пикиринде, бул сыяктуу окуялардын тыйылбай жатышына кыргыз бийликтеринин алсыздыгы, өз жарандарынын укуктарын тиешелүү деңгээлде коргой албай жатышы да себеп болууда.

Тасмада: Алмаз Жороев бул окуяга кантип кабылганын "Азаттыкка" айтып берди

Чек арада атылган октон бир жаран жараат алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00

XS
SM
MD
LG