Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

Өзбекстан туткундап кеткен кыргыз чек арачылары бошотулду


Баткен: кыргыз-өзбек чек арасындагы Өзбекстандын өткөрүү бекети.
Баткен: кыргыз-өзбек чек арасындагы Өзбекстандын өткөрүү бекети.

Өзбекстан кармап кеткен кыргыз чек арачылары алмашуу жолу менен бошотулду. Алар Кыргызстандын аймагында жасаган мыйзамсыз аракеттери үчүн кармалып турган Өзбекстандын коопсуздук кызматынын өкүлү менен үч бажы кызматкерине алмаштырылды.

Мындай макулдашууга тараптар жекшемби күнү (5-сентябрь) кечинде жетишти. Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчиликтеринин бул күнкү жолугушуусунда кармалгандарды алмаштыруудан сырткары транзиттик жолдордогу коопсуздук маселеси да каралган.

Болбойт деген алмашуу болуп кетти

Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевдин айтымында, тараптар бул багытта алдын-ала чара көрүүгө да макулдашты:

- Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кармалып тургандар бошотулду. Андан сырткары транзиттик каттамдагы жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында эки тарап алдын алуу чараларын көрмөй болуп келишилди.
Баткендеги кыргыз чек арачылары

21-августта Кадамжай районунун аймагында мыйзамсыз товар ташыган, чек араны бузуп өткөн , адам уурдоого аракет кылган деген айыптар менен Өзбекстандын коопсуздук кызматынын бир өкүлү жана үч бажычы кармалган эле. Алардын ишин тергөө аяктап, сотко да өткөрүлгөн.

Бул окуядан кийин өзбек тарап чек арадан кыргыз жарандарын ар кандай шылтоолор менен кармай баштаган. Алгач жайкын тургундарды кармап, бирок андан майнап чыкпаган соң, аскерий адамдарды кармоого өткөн. Маселен, өзбек чек арачыларынын атайын тобу 31-августта Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлү полковник Зиядилла Бегматов жана Айдаркен чек ара бөлүгүнүн кызматкери, подполковник Исматилла Анарбаевди эки ортодогу бейтарап делген аймактан күчтөп, өз аймагына тартып кеткен. Алар бул жерге алдын-ала макулдашууга ылайык, өзбек тарап менен чек арадагы жолдун жабылышы боюнча сүйлөшүүгө барганы кабарланган. Өзбек тарап болсо аларга “чек арадан мыйзамсыз өттү” деген айып тагылып жатканын айткан.

Буга удаа эле эртеси күнү, 1-сентябрда өзбек тарап Жалал-Абад облусундагы чек арадан да эки чек арачыны туткундап кеткен. Ошол учурда мындай аракетти Өзбекстан Кыргызстанда кармалган өз адамдарын бошотуп алуу, аларга алмаштыруу максатында жасап жатканы божомолдонгон. А түгүл мындай божомолду Баткен облустук бийлигинин өкүлдөрү да четке каккан эмес.

Бирок кыргыз чек ара аскерлеринин башчысы Закир Тиленов буга чейин “Азаттыкка” эч кандай алмаштыруу болбостугун айткан эле:

- Мыйзам чегинде карашыбыз керек да. Алар (Өзбекстандын коопсуздук жана бажы кызматкерлери) чек араны бузуу менен биздин аймагыбызга кирип, эки жараныбызга күч көрсөткөн. Ошол эки жараныбыздын арызы менен кармалган. Эми бүгүнкү күндө эмне үчүн ушинтип чечишибиз керек алмаштыруу деп. Биз өзүбүздүн офицерлерибизди расмий түрдө мекенине келтиришибиз керек. Бул базар эмес да алмаштыруу дегендей.

Буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап чыкпаган соң кыргыз тарап акыры кошуналардын талабына көнүп, туткундалган чек арачыларын иши сотко өтүп калган Өзбекстандын өкүлдөрүнө алмаштырууга макул болду.

Чечилбеген чек ара, кыйналган эл

Канткен менен жергиликтүү тургундар мындай иштер мындан ары да көнүмүшкө айланып кетпейби деп чочулоодо. Жергилктүү журналист Адылбек Батыров мындай маселени эми кийин дагы кайталанбагыдай кылып чечиш керек эле деген ойдо:
Баткен: кыргыз-өзбек чегиндеги чек ара бекети

- Минтип алмаштыруу биз үчүн жаңылык деле эмес. Мындан ары эми ушундай окуялар кайталанбагандай кылып чечип, чекит коюш керек. Эки өлкөнүн тең мыйзамдарын урматтагандай болуш керек.

Чынында Баткен аймагында минтип кошуна эки өлкө чек арачылары бирин-бири кармап, анан жергиликтүү денгээлде эле сүйлөшүп алмаштыра калмайы кез-кезде болуп турат. Ал эми бул жолкусу болсо жогорку чиндеги кызматкерлер, анан да кармалгандардын саны көбүрөөк болгондуктан жогорку денгээлге чейин көтөрүлдү.

Айрым серепчилер ушундан улам чек араларды тактоону тездетүү зарылдыгын, болбосо Баткен облусунун тургундары кошуна өлкөнүн аймагын аралап өтчү жолдордон каттабашы үчүн айланма жолдорду тез арада оңдоо керектигин белгилешүүдө.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араны тактоо иштери болсо акыркы эки жылдан бери токтоп турат. Тараптар өткөн жыл этегинде аны быйыл жазында жандантууга макулдашкан эле, бирок Кыргызстандагы ыңкылаптан кийин эми бул иш качан улаанары дагы белгисиз болуп калды.

XS
SM
MD
LG