Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Кыргыз чек арачыларын бошотуу боюнча аракеттер көрүлүүдө


Кыргыз-өзбек чек арасында
Кыргыз-өзбек чек арасында

31-август күнү кечке маал Кадамжай районунун аймагында кыргыз-өзбек чек арасындагы бейтарап аймакка сүйлөшүү үчүн барган Кыргызстандын эки чек ара кызматкерин өзбекстандык чек арачылар кармап кетишкен болчу. Бул окуя боюнча улуттук коопсуздук кызматындагы чек ара кызматынын төрагасы Закир Тиленов Баткенде болуп, жергиликтүү күч кызматтары менен жабык эшик артында жыйын курду. Жыйын соңунда аймактан кабарчыбыздын ушул окуя боюнча суроолоруна жооп берди.


- Эки чекарачынын ушу тапта абалы кандай экен, кабар барбы?

Мен билгенден, 31-августта саат 19-20да эки офицер Өзбекстандын чек арачылары менен телефон менен байланышып, маалымат менен алмашабыз деп сүйлөшүлгөн жерге барып күтүп турганда, аларды Өзбекстандын жоокерлери кармап алып кетишкен. Кармап атканда бир офицерибиз каршылык көрсөткөн экен, аны 1-2 жолу сабаган дейт. Бүгүнкү күндө ошол маселе боюнча биз бул жерде иликтөө ишин өткөрүп атабыз. Өзбекстандын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, биздин офицерлер бүгүнкү күндө Фергана шаарындагы убактылуу кармоочу жайда жатышат. Алардын маалыматы боюнча, биздин эки офицерибизге эки берене менен – чек араны бузуу, бейбаштык кылды деген иш козголуптур. Бирок бүгүнкү күндө ал эки офицер Өзбекстандын Кува-Сай чек ара районунун жетекчиси менен сүйлөшүүгө барышкан. Бардык маселелер бүгүнкү күндө такталып атат.

- Бул маселе боюнча өзбекстандык кесиптештериңиздер менен сүйлөшүүгө аракет кылып көрдүңүздөрбү?

- Мен Өзбекстандын чек ара кызматына расмий кайрылуу жөнөттүм, эмне үчүн кармалган, бүгүнкү күндө алардын абалы кандай деп. Бирок бүгүнкү күнгө чейин мен расмий жооп ала элекмин. Телефон менен байланыштым, бирок расмий жооп жок. Экинчиден, ушул маселе боюнча биздин Өзбекстандагы офицерлерди тез аранын ичинде кайрып берүү боюнча биз ар кандай керектүү инстанцияларга кайрылуу жөнөтүп атабыз.

- Кандайдыр бир аракеттер көрүлөбү, кантип бошотулат?

- Өзүбүздүн тартибибиз бар, баланышыбыз бар. Бардык маселе мыйзам чегинде каралып атат.

-Чек арада ушул тапта абал кандай?

-Чек арада абал көзөмөлдө. Чек арачылар чек араны кайтарып атат, Бирок кыргыз-өзбек чегиндеги өткөрүү бекеттери жабык.

- Кыргызстанда өзбек коопсуздук кызматынын өкүлү жана бажы кызматкерлери кармалып турат, бул иш ошолорго алмаштырабыз деп атайын жасалган деп атышат. Алмаштыруу болушу мүмкүнбү?

- Бул элдин ою болуп атат. Бүгүнкү күндө биз бул маселелерди мыйзам чегинде карашыбыз керек. Алар чек араны бузуп, биздин аймагыбызга келип, биздин эки жараныбызга күч көрсөткөн. Алар ошол эки жарандын арызы боюнча кармалышкан. Ошондуктан иш козголуп, ал материалдар сотко өткөрүлүп берилди. Бүгүнкү күндө эмне үчүн биз ушундай алмаштырып, маселени чечишибиз керек. Биз өзүбүздүн офицерлерибизди мекенине алып келишибиз керек. Эч кандай алмаштыруу деген болбойт, алмаштыруу дегендей бул базар эмес да.

XS
SM
MD
LG