Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Өзбекстан кармап кеткен кыргыз чек арачыларын бербей жатат


Баткендеги кыргыз-өзбек чек ара тилкеси.
Баткендеги кыргыз-өзбек чек ара тилкеси.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы бейтарап аймактан Өзбекстандын аскерлери кармап кеткен Кыргызстандын Чек ара кызматынын эки өкүлүн кайтаруу аракеттеринен азырынча майнап чыга элек. Алар 31-августтун кечинде алдын-ала макулдашууга ылайык, өзбек тарап менен сүйлөшүүгө барган учурда кармалган.

31-август күнү чек аралардын убактылуу жабылуусу, жайкын тургундардын чек арадан өтүү тартибин макулдашуу багытында алдын-ала телефон аркылуу сүйлөшүлгөн соң, эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушууну чечишкен.

Сүйлөшүү үчүн чакырып, тузакка түшүрдүбү?

Бул жолугушууга кыргыз чек ара кызматынын өкүлү, полковник Зиядилла Бегматов жана Айдаркен чек ара бөлүгүнүн кызматкери, подполковник Исатилла Анарбаев барышкан. Жолугушуу эки өлкөнүнүн чектешкен аймагындагы бейтарап аймакта өтмөй болгон. Бирок кыргыз тараптын өкүлдөрү болжошкон жерге барганда Өзбекстандын чек ара кызматынын атайын багыттагы ыкчам тобу аларды эки өлкө ортосунан кармап, “чек араны мыйзамсыз бузуп өттү” деген күнөө менен өз аймактарына тартып алып кирип кеткен.
Биздин өкүлдөр ошол макулдашууга ылайык, аталган жерге барып күтүп турушкан учурда артынан келген ыкчам топ кармап, үйлөрдү аралата өз аймактарына алып кирип кетишкен.
Т. Эшалиев

Бул окуя тууралуу Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев буларды билдирди:

- Өзбекстан тарап Водил жана Пүлгөндүн ортосундагы чектешкен жердеги бейтарап аймакка келгиле, ошол жерден сүйлөшүп, чек арадан өтүү тууралуу макулдашабыз деп, телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда сунуш кылышкан. Биздин өкүлдөр ошол макулдашууга ылайык, аталган жерге барып күтүп турушкан учурда артынан келген ыкчам топ кармап, үйлөрдү аралап өз аймактарына алып кирип кетишкен. Эми “алар мыйзамсыз чек араны бузуп өтүштү, ошондуктан кармадык” деп чагым уюштуруп жатышат. Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасы Кадамжайга келиши керек, Өзбекстандын чек ара кызматы менен сүйлөшүп, маселени чечишет деп үмүт кылып турабыз эми.

Мындан эки жума мурда Өзбекстандын коопсуздук кызматынын өкүлү Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз соода жүргүзүп жүргөн жеринен кармалып, кылмыш иши козголгон эле. Баткен облустук бийлигинин өкүлү Таштемир Эшалиев кошуналардын күч кызматтары ошол кармалган коопсуздук кызматкерин бошотуу үчүн ушундай аракеттерге барышы мүмкүн деген пикирде:

- Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү биздин аймактан 150 миң сомдук товарды чек арадан мыйзамсыз алып кетип жаткан учурда кармалган. Ал автоунаасынын документтерин көрсөткөн эмес, эч кандай докментсиз жүргөн. Анын жанында Өзбекстандын үч бажы кызматкери да болгон. Ушул окуя ошого байланыштуу болуп жатат да. Андан сырткары биздин жөнөкөй атуулдарыбыздын автоунаасын текшеребиз деп, дөнгөлөктөрүн кескилеп,өткөндө да төрт жайкын тургунубузду чек арадан ары алып кирип кетишкен. Мындай окуялар көп эле болуп жатат.

Барымта оюну: жайкын тургундардан чоң кызматтагыларгабы?

Жергиликтүү айрым серепчилер эки өлкө ортосундагы күч кызматтарынын минтип барымтага алуу оюну, аны алмаштыруу аракеттери мыйзамга жатпастыгын, андан арада карапайым атуулдар жабыркаганы аз болгонсуп, эми колго түшүрүү чоң кызматтагыларга жасалып жактанын айтышууда.

Чек арадагы кырдаалга баам салып жүргөн баткендик серепчи Базарбай Маасейитов кошуналар мындай мыйзамдан сырт аракеттери менен кыргыз бийлигинин алсыз болуп турган учурунан пайдаланууда деп эсептейт:

- Таксисттерди, жөнөкөй атулдарды кармап жатышат. Мына эми кызматта иштеген кишилерди кармап жатышат. Өзбекстан тарап бул нерселердин баарын мыйзамдан сырт жасап жатат деп ойлойм. Кошуналар мындай аракеттерин биздин бийликти алсыз, жооп иретинде чара колдоно албайт деген ойдо жасап жатышат деп ойлойм.

Эки өлкө ортосундагы чек ара маселелери Кыргызстанда апрелдеги бийлик алмашуусунан бери жакшы жолго коюлбай, улам бир тирешүү, же пикир келишпестик чыгып, чек ара жабылып, кайра ачыла калмайы көндүм көрүнүш болуп калды. Ал эми минтип барымтага алуу аракети болсо август айындагы Өзбекстандын атайын кызмат өкүлү кыргыз аймагында мыйзамсыз аракеттери үчүн кармоого алынып, кылмыш иши козголгондон кийин күчөдү.

Ошол окуядан кийин Өзбекстан Жабагы чек ара бекетинен өтүп бараткан жөнөкөй атуулдардын автоунааларын тинтүү үчүн дөңгөлөгүн кескилеп, уюлдук телефондорун тартып алуу менен эле чектелбей төрт жөнөкөй атуулду өз аймактарына алып кирип, атайын кызматтын өкүлүнө алмаштырабыз деген сунуштары да айтылган болчу. Жогоруда айтылгандай, ушу тапта Өзбекстандын бир коопсуздук кызматкери жана үч чек ара , бажы кызматкерине Кыргызстанда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жаткан учуру.

XS
SM
MD
LG