Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Чек арачыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр натыйжасыз болууда


Баткен: кыргыз-өзбек чегиндеги чек ара бекети.
Баткен: кыргыз-өзбек чегиндеги чек ара бекети.

Өзбек тарап кармап кеткен эки кыргыз чек арачысын бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу сроолорго Баткен облустук бийлигинин коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев жооп берди.

- Таштемир мырза, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кандай болду?

- Бүгүнкү күнгө карата сүйлөшүүлөрдөн эч кандай жыйынтык болгон жок. Биз кыргызстандык чек арачылар менен телефон аркылуу байланыша албадык. Кечээ ар түрдүү ой-пикирлер болуп, түз сүйлөшүүлөрдү уюштурабыз деген үмүтүбүз болгон, бирок болгон жок.

- Алар азыр каякта кармалып турат?

- Алар азыр Өзбекстандын Фергана облусунда кармалып турат.

- Өзбек тарап кыргызстандык чек арачыларды эмнеге, кандай шартта кармагынын ачыктадыбы?

- Алар чек араны бузуп киришкен, биздин аймакта жүрүшкөн деп айтып жатышат. Бирок биз дагы ал кармалган полковниктер менен сүйлөшүп турганбыз. Негизинен эки тараптуу сүйлөшүү 31-августта болмок. Шахимардан, Сох анклавдары аркылуу өткөн жолдорду жабуу тууралуу сүйлөшүүгө Өзбек тарап чакырып, кыргызстандыктар кичинекей чайханада он мүнөттөй күтүп отурушкан. Ошол убакта өзбекстандык чек арачылар аларды күтүүсүз жерден өз аймагына алып кирип кетишкен.

- Алардын коопсуздук жагы кандай болуп жатыптыр, маалымат бериштиби?

- Ал жөнүндө да, башка жөнүндө да маалымат жок. Бүгүн да аларды чыгарып алуу боюнча сүйлөшүүгө аракет кылып жатабыз.

- Мындан мурдараак Кыргызстан тараптан Өзбекстандын бажы кызматкерлерин жана бир чек арачысы кармалганы айтылган. Алар эмне себептен кармалды эле? Анын чоо-жайын дагы ачыктай кетсеңиз?

- Бул маселе чындыгында эле бир-эки жума мурда болгон. Өзбекстандын үч бажы кызматкери жана бир Улуттук коопсуздук кызматкери Кадамжайдагы Халмион базарынан 150 миң сомдук товарды мыйзамсыз, жышыруун алып өтүп кетип жатканда колго түшкөн. Алар колго түшкөн учурда өздөрүнүн аттарын жашырышып, автоунааларынын номурларын жашырып, көрсөтпөөгө аракет кылышкан. Ошондуктан биздин аскерлер аларды кармашкан. Кармоо учурунда биздин аскерлерге каршылык көрсөтүшкөндөн кийин Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнө киргизилген.

- Кыргызстандык чек арачылардын кармалышы да ушул себептен болушу мүмкүнбү?

- Болушу мүмкүн. Ар бир мамлекет өзүнүн жараны үчүн бир нерсе ойлоп табыш керек. Өзбек тарап кармалган жарандарын бошотуп берүү жагын суранган. Бирок Кыргыз тарап тергөө иштери бүткөндөн кийин беребиз деген ойду билдиришкен.

- Мындай көрүнүштөр эки тараптуу кырдаалды курчутуп жибербейби?

- Андай болушу мүмкүн эмес. Себеби бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Биз Өзбекстандын Чек ара кызматы жана укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта иштейбиз. Кырдаал курчуп кеткен деңгээлге барбайт деп ойлойбуз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG