Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Адвокаттар Жогорку Сотко, Башкы прокуратурага кайрылышат


Июнь коогалаңы боюнча соттук иштерде соттолуучуларды жактап жаткан бир катар адвокаттар президентке, бардык сот бутактарына жана прокуратура органына кайрылышмакчы. 13-июнда “Санпа” заводунун жанында болгон адам өлтүрүү окуясы боюнча соттук териштирүүдө адвокаттык кылып жаткан Бектурсун Камаловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, кайрылууда июнь коогалаңына байланыштуу сот жараяндарын коопсуз аймактарга жылдыруу, күбөлөрдүн, соттолуучулардын жана алардын жактоочуларынын коопсуздугун камсыздап берүү өтүнүчү бар.

13-июнда Бишкек-Ош жолунун боюнда, пахта тазалоочу “Санпа” заводунун жанында адам өлтүрүүгө катышкан деген шек менен 19 кишинин үстүнөн сот 30-сентябрда башталган. Соттун жүрүшүндө жабырлануучулар жана алардын жакындары соттолуучулардын жана алардын адвокаттарынын дарегине акаарат сөздөрдү айтышкан. Ал эми Кара-Суу райондук милициянын башчысы А. Султанов менен анын айдоочусу У. Шамурзаевди мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталып жаткан он киши сот залында жабырлануучулардын ур-токмогуна алынганын, алардын адвокатына өлгөн адамдардын жакындары кысым көрсөтүп жатканын укук коргоочулар айтып чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG