Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Э.Докенов: Темир жолдо УКМК киришкидей кылмыш жок


"Кыргыз темир жолунун" мурдагы жетекчиси Нариман Түлеев
"Кыргыз темир жолунун" мурдагы жетекчиси Нариман Түлеев

Кыргызстандын темир жолчулары бүгүн иш ташташмак. Бирок иш таштоо кийинкиге калтырылды. “Кыргыз темир жолунун” айланасындагы маселелер тууралуу “Кыргыз темир жол” профсоюзунун жетекчиси Эрнис Докенов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Нааразы болгон темир жолчулар иш таштоого чыгышмакчы эле. Аны кандай себептер менен кийинкиге калтырдыңыз?

Э.Докенов: Жакында 10-октябрда өтчү шайлоого карата, ага жолтоо болбош үчүн жылдырдык. Азыркы саясий абалды өзүңөр жакшы билесиңер. Баарыбыз шайлоо жакшы эле өтүп кетсе экен деп карап отурабыз. Эгерде биз, темир жолчулар, ишти токтотсок кээ бир күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн.

- Темир жолчулар бийликтин кысымы болуп атканын айтышууда. Ошол себептен иш таштап атышат. Ал кандай кысым?

Э.Докенов: Май айынан бери ар бир күч органдары кылмыш ишин козгоп, прокуратура, Улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги, Каржы полициясы мурдагы жетекчилердин иштеген маалы боюнча тергөө кылып, биздин кызматкерлерди, жетекчилерди суракка алып кетип атышат. Күн сайын эле 7-8 саат кармап, күбө деп кармап атышат. Же козголгон кылмыш ишин көрсөтүшпөйт.

- Сиздердин жетекчилердин бири кармалды деген маалымат болгон эле. Анын ден соолугу солгун экени айтылды эле. Бул боюнча сизде маалымат барбы?

Э.Докенов: Ишемби күнү биз эс алабыз. Эс алуу күн. Ишемби күнү Улуттук коопсуздук кызматынын адамдары башкы башкармалыгыбызга барып, жетекчибиз Арген Малабаевге эскертүү кагаз беришиптир, "башкы инженер Валерий Тупийди таап бергиле" деп. "Бүгүн эс алуу күнү, дүйшөмбү күнү келгиле" десек болушпады. “Жок, азыр алып кетебиз. Азыр алып кеткенге бизге буйрук берилген” деп кетишкен жок. Ошентип ишемби күнү саат ондон баштап кечки саат бешке чейин биздин темир жолчулар УКМКнын адамдары менен биздин дарбазанын оозунда тирешип турдук. Алар алып кетебиз деп 5-6 машине менен келиптир. Ошол күбө үчүн 5-6 машине менен келеби? Темир жолдо иштеп аткан 50-60 адам дарбазаны тосуп киргизбей койдук. В.Тупийди күч колдонуп алып кетсеңер иш таштайбыз деп айтып аттык. Анан кечке чейин ошентип тирешип турганда тигинин ден соолугу өзү начарлап кетти. Тез жардам чакырып ошондо ооруканага жаткырылган. Азыр абалы жакшы эмес.

- "Кыргыз темир жолунда" мамлекетке зыян келтирген мыйзамсыз курулуш иштери болгону айтылып атпайбы. Бул эмне болгон мыйзамсыз иштер эле?

Э.Докенов: Өзүңүз карап көрүңүзчү. Мамлекетке зыян келтирген деп атышат. Темир жол кайдан мамлекетке зыян келтирет? Темир жол мамлекеттен бир да тыйын албайт. Жанагы “Мостотряд” темир жолго караштуу эле мекеме. “Локомотив” стадиону да темир жолго кирет. Биз темир жолдун акчасын темир жолго эле берип, башка бир четтеги мекеме менен келишим түзгөн жокпуз. Өзүбүздүн эле мекеме менен келишим түзүп, алар өзүбүздүн эле “Локомотивге” муз аянт салышты. Темир жолдун акчасына. Бул кайдан өкмөткө зыян?

Бул кылмыш иши 6-сентябрда козголду. Ал эми 6-сентябрда шаарга апрелден бери келбей жүргөн Нариман Түлеев келип түштү. Өзүңөр байкап көргүлө эмне себептен козголуп атат. Ал күнү бул бир иш эле эмес 3-4 кылмыш иш козгоп жиберишкен, көмүргө ж.б. байланыштуу. Бирок бизге азыр ушул гана иш ачылып атат.

- Демек сиздин пикирде “Кыргыз темир жолунда” эч бир мыйзамсыз иш болгон эмес экен да?

Э.Докенов: Мыйзамсыз иштер болот да. Бирок ушунчалык УКМК иш жүргүзгөндөй иш жок да. Негизи экономикалык иштерди УКМК эмес, Каржы полиция карашы керек эле. УКМК өз ишин так аткарса июндагы окуялар болбойт эле. Булар өздөрү мурдагыдай эле буйруктарды аткарып жүрөт.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG