Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Клинтон Босния лидерлерин реформаларга үндөдү


Клинтон Сараево университетинин студенттери менен жолугушууда, 12-октябрь 2010-жыл
Клинтон Сараево университетинин студенттери менен жолугушууда, 12-октябрь 2010-жыл

АКШнын Мамлекеттик катчысы Х.Клинтон Балкандагы сапарында Босния-Герцеговина, Сербия жана Косовонун лидерлерин реформаларды ишке ашырууга үндөдү.

Эки күндүк визитинин алгачкы күнүндө Клинтон Сараево университетинин студенттери менен жолугушууда Босния-Герцеговинаны этникалык бөлүнүп-жарылуудан арылып, саясий реформаларды баштоого чакырды. Андай болбосо, өлкө Еврошаркетке жана НАТОго кошулуу процессинин сыртында калат, - деди мамкатчы.

Вашингтондун өкүлү Босния-Герцеговина, Сербия жана Косовонун лидерлерин “демократиялык институттарды өнүктүрүүгө, коңшулар менен тынчтыкты бекемдөөгө, узак мөөнөттү саясий, экономикалык жана социалдык прогресске шарт түзүүгө” үндөй турганын ырастады. Туруктуу экономикалык өсүш менен саясий стабилдүүлүккө Европага интеграция аркылуу жетишсе болот деп белгиледи Клинтон.

4-октябрда Босния-Герцеговинада президенттик үчилтикке шайлоо болду. Анда босниялык жана хорватиялык байистүү лидерлер Бакир Изетбегович менен Зелко Комсич жана босниялык сербдердин бөлүнүүсүн колдогон Небойся Радманович жеңишти. Президенттик үчилтикке серб, хорват жана мусулман коомчулугунун өкүлдөрү киришет. Жарандык согуштун аякташына 15 жыл болсо да, улуттараралык жарылып бөлүнүү дагы эле сезилүүдө.

Клинтондун визити алдында анын Европа боюнча жардамчысы Филип Гордон Боснияда этникалык атаандаштыктан улам саясий процесс токтоп калды деп билдирген.

Сараеводон кийин мамкатчы Белградда Сербиянын лидерлери менен Косово боюнча сүйлөшүү өткөрмөкчү, кийин Сербиянын мурдагы провинциясы болгон Косовонун өзүнө барат.

Сапарга аттанаардын алдында Мамлекеттик департаментте сүйлөгөн сөзүндө Клинтон эки тараптын лидерлерин тикелей дипломатиялык сүйлөшүү баштоого көндүрүү аракетин көрөөрүн айткан:

- Белград менен Приштинага барганда жетекчилер менен гана жолугушпастан, катардагы жарандар менен сүйлөшкүм келет. Сербдер менен косоварлар өз келечегин Европа менен байланыштырышаарын эстен чыгарбоо зарыл. Алардын алдында чечиле элек көптөгөн маселелер турат. Еврошаркет жана АКШ аларга жардам берүүгө, колдоо көрсөтүүгө, тараптарды мунаса табууга көндүрүү үчүн аракет көрүүгө даяр турушат.

Албан улутундагылар үстөмдүк кылган Косовону АКШ, Евробиримдиктин көпчүлүк мүчөлөрү көз карандысыз мамлекет катары таанышканы менен, Сербия аны өз аймагынын бир бөлүгү деп дагы эле эсептейт.

Белграддын мурдагы провинциясы менен мамилеси регионалдык стабилдүүлүк үчүн маанилүү фактор катары каралып келет.
Сентябрдын башында Косовонун суверендүүлүгүн эч качан тааныбастыгын кайталап келаткан Сербия өкмөтү Приштина менен диалогго даярдыгын ишара кылды.

Июлда Эл аралык сот Косовонун эгемендүүлүгү жөнүндөгү 2008-жылкы декларация эларалык мыйзамдарды бузбайт деген бүтүм чыгарган

XS
SM
MD
LG