Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:19

Бишкекте шайлоо жыйынтыгына арналган тегерек үстөл өтүп жатат


Ага саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана бийлик өкүлдөрү катышууда. Тегерек үстөл “Кыргызстан: шайлоонун жыйынтыктары саясатчылар жана жарандар үчүн” деп аталат. Ага катышып жаткан президенттик администрациянын башчысы жана Кыргызстан калктар ассамблеясынын башчысынын милдетин аткаруучу Эмилбек Каптагаев шайлоо ар түрдүү маселелерди мыйзам чегинде чечүүгө кыргыз саясатчылары даяр эместигин ачыкка чыгарганын белгилеп, буга “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңеш мүчөсү, мурдагы адилет министри Марат Кайыповдун “эгер партия парламентке өткөрүлбөсө, төңкөрүш болот” деп айткан сөзүн мисалга тартты. “Апрелден бери өлкөдө төрт жолу төңкөрүш жасоо аракети болду, биз мунун мындан ары дагы кайталанышын каалабайбыз”,-деди Э. Каптагаев. (ZKo)

XS
SM
MD
LG