Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Британия өкмөттүк чыгымдарды "балталап кесет"


Премьер-министр Дэвид Кэмерон(солдон экинчи) парламентте өкмөт аскерий чыгымдарды кыскартуу планын жарыялагандан кийин. 19-октябрь 2010
Премьер-министр Дэвид Кэмерон(солдон экинчи) парламентте өкмөт аскерий чыгымдарды кыскартуу планын жарыялагандан кийин. 19-октябрь 2010

Британия аскерий чыгымдарын кескин кыскартат. Премьер-министр Дэвид Кэмерондун айтымында, келерки төрт жылга аскер чыгымдары 8 пайызга азайтылат.

Британия Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң катаал финансылык кыскартууларга барууда. Премьер-министр Дэвид Кэмерондун шейшемби күнү парламентте айтышынча, эмки төрт жылда аскерий чыгымдар сегиз процентке кыскартылат. (Британия коргонууга быйыл 59 миллиард доллар бөлгөн.) Ага ылайык, 2015-жылга Коргоо министрлиги аскерлер жана граждандык адистер болуп, 42 миң адам менен кош айтышуу керек. Деңиз аскер күчтөрүнүн флагманы- “Ark Royal” кемеси жана “Харриер” учактары таштандыга айдалат. “Trident” баллистикалык ракеталарын сатып алуу беш жылга токтотулат.

Кэмерон башындагы курама өкмөт коргонуудан башка да көпчүлүк тармактарда чоң кыскартууларды мерчемдөөдө. Натыйжада, төрт жылда өкмөттүк кызматкерлер жарым миллионго жакын азаят; орто катмарга кирген 12 миллион эне балдар үчүн жөлөк пул албай калат. Бирок кирешеси ортодон төмөн үй-бүлөлөр андай жардамды өкмөттөн ала берет. Ошондой эле саламаттыкты сактоого бөлүнгөн акча менен эл аралык жардамдын өлчөмү өзгөрүүсүз калат. Бул иш чаралардн негизинде 2015-16-жылдары бюджет 188 миллиард доллар киреше алууга тийиш.

Анын 43 миллиард доллары салыктары көбөйтүүдөн келип түшөт. Финансы министри Жорж Осборн 20-октябрда парламентте сүйлөп, мамлекеттик чыгымдарды кыскартуунун жүйөөсү жөнүндө мындай деди:

-Биз чыгымдарды кыскартып, социалдык системаны реформалоону оң таптык. Бул өлкө үчүн аргасыз чара. Биздин чыгымдарга назар буралычы: Бюджеттин тартыштыгы 109 миллиард фунт стерлинг. Бул Европадагы эң чоң бюджеттик тартыштык.Азыр бүтүн дүйнө чоң дефицитке кыжаалат болуп турган чак. Биздин экономикалык стабилдүүлүгүбүз ошол кооптонуулардын жөндөлүшүнө көзкаранды.


Бюджеттик тартыштыкка дүйнөлүк финансылык кризис маалында лейбористтер башындагы мурдакы өкмөттүн миллиарддаган доллар карызы бар бир нече банкты улутташтырып, алардын милдеттенмелерин өзүнө алганы кедерги болгон. Мындан тышкары “Ирак менен Ооганстандагы ири аскерий операциялар чоң финансылык жана адам чыгымдарына алып барды”,-деп түшүндүргөн Д. Кэмерон.

Оппозиция жана кесиптик союздар консерваторлор менен социал-демократтардын курама өкмөтүнүн планына нараазы. Жумушчу партиясы өкмөттүк чыгымдарды кыскартуу экономикалык өсүүнү төмөндөтүп, Британияны рецессиянын сазына түртөт, жумушсуздукту көбөйтөт деп санайт.

Кэмерон башындагы курама өкмөттүн үнөмдөө саясаты 2015-жылга бюджеттин дефицитин ички дүң жыйымдын эки пайызына барабар кылыш керек. Азыр ал 11 пайызга же 240 миллиард долларга барабар. Башка Европа өлкөлөрүндө мындай чоң карызы жок.

XS
SM
MD
LG