Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

К.Өмүралиев: Кандай коалиция түзүлсө да көпкө жашабайт


Кубанычбек Өмүралиев, “Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” уюмунун башчысы.
Кубанычбек Өмүралиев, “Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” уюмунун башчысы.

“Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” уюмунун башчысы К. Өмүралиев кандай коалиция болсо да бир багыттуу болбойт деп эсептейт.

“Азаттык”: Күттүргөн шайлоо жыйынтыктары да чыкты. Шайлоо өткөн 10-октябрдан бери коалиция түзүү боюнча ар кандай конфигурациялар сунушталып атат. Сиз үчүн эң жакшы вариант кайсы? Кайсы партиялардын биригүүсү оптималдуу?

К. Өмүралиев: Эми коалицияны түзүүдө биринчиден теорияны же тажрыйбаны эске алсак дагы, бул партиялардын көз карашы, идеологиясы же болбосо алардын программалары бири-бири менен төп келиш керек да. Башында эле эки вариант боюнча сөз жүрбөдү беле. “Ата-Журт” менен “Ар-Намыс” бир жагында, “Ата Мекен” менен Социал-демократтар экинчи жагында болуп, ортодогу “Республика” кай жагына кошулуп калат деп сөз болду да.

Бирок акыркы үч жума ичинде коалиция түзүү боюнча аракеттер жүрүп, парламентке өттү делген партиялардын лидерлери ачык эле айтышпадыбы, “коалиция түзүүдө эки партия сүйлөшүп, үчүнчү партия кошула албай атат” деп. Мисалы КСДП менен “Республика” кошулуп, “Ата Мекен” менен тышкы саясатта гана келише албай атабыз дешпедиби. Коалиция ушунун тегерегинде болобу дейм да.

Эми бул жерде тышкы саясат тууралуу сөз болгондо, бул жерде ачык эле айтып коюшубуз керек, Орусия тууралуу сөз болуп атат. КСДП, “Республика”, “Ата Мекен” партияларынын биригүүсү тууралуу сөз болгондо ушундай болуп атат.

Кандай болсо дагы азыр бул жагы кыйын болуп турат. Кимиси болсо дагы, кайсы үч партия коалиция түзсө дагы бир багыттуу, бир жактуу болбойт. Мындан эч кандай трагедия көрбөш керек. Ошондуктан кандай коалиция болсо да ишти башташ керек болуп калды. Баарыбир кандай коалиция түзүлсө дагы менин оюмча көпкө жашабайт.

“Азаттык”: Эгер кеңири коалиция түзүлсө кандай болот деп ойлойсуз, балким ушундай схема иштеп кетер?

К. Өмүралиев: Кеңири коалиция түзүлсө, жалпы Кыргызстанга, шайлоочуларга жакшы болот эле. Кеңири дегенде бул беш партиядан тышкары жанагы марага жетпей калган үч-төрт партиядан бир-экиден кошуп алышса, бул парламенттин жашоосу аз-маз узунураак болмок деп ойлойм.

“Азаттык”: Бирок ошентсе да кеңири болгону менен бардык партиялардын көз караштары өтө кескин айырмаланып атат. Баары бир парламентте бир идеяны тең бөлүшкөн топ үстөмдүк кылбагандан кийин келечеги тумандуу болгондой?..

К.Өмүралиев: Мен ошондуктан айтып атам, булар түзгөн коалициянын жашоосу узак болбой калышы мүмкүн деп. Бирок эгерде бардык партиялар бизде 2-3 принципти алдыга коюшса, туруктуулукту бекемдөө, экономиканы көтөрүү деген максаттарды эң башкы максат катары коюшса, анда парламенттин иштеп кетиши мүмкүн. Эми ачык айтканда тышкы күчтөр кийлигишип атты да. Шайлоо бүткөндөн кийин да төрт партия Москвага барып келишти. Бул жагын да ойлонуш керек.

“Азаттык”: Эми парламент иштей баштаса ошол тышкы күчтөр, өзгөчө Кремлдин Жогорку Кеңешке таасири канчалык болот?

К.Өмүралиев: Эгер абал жанагыдай маанайда өзгөрбөсө таасири сактала берет. Эгер кеңири коалиция болбосо. Анткени булардын жасаган иштери көрүнүп калбадыбы.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG