Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Европа жана Түндүк Америка өлкөлөрү аба каттамдарында коопсуздукту күчөттү


Алар жогорудагыдай кадамга жүк ташыган учактар аркылуу Йеменден посылкага катылган бомбалар жөнөтүлгөндүгү аныкталгандан кийин барып олтурат. АКШга багытталган деп болжолдонгон ал эки бомба өткөн апта соңунда орто жолдон, Британия жана Бириккен Араб Эмираттарынан табылган эле. Кабарларга караганда, бомбаларды табууда Сауд Аравиянын чалгын кызматы берген маалыматтардын жардамы тийген. Мындан улам Британия, Германия, Нидерландия, Франция, АКШ, Канада Йеменден чыккан жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташыган аба каттамдарга чектөөлөрдү киргизгенин жарыялады. Батыштык расмий өкүлдөр бомба жардыруу аракетин “ал-Каида” террордук уюмунун Аравия жарым аралындагы бөлүмү уюштурган деп эсептөөдө. АКШнын чалгын кызматтарынын өкүлдөрү алар шектеген башкы адам катары теги саудиялык Ибрагим Хасан ал –Асирини айтып жатышат.
Анын “ал-Каиданын” Йемендеги бөлүмү менен байланышы бар деп саналат.

АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Филип Кроули Вашингтон Йеменге экстремизмге каршы күрөшүү кубатын чыңдоодо жардам көргөзүүнү көздөп жатканын билдирди:

-Биз Йемен өзүнүн коопсуздук жана терроризмге каршы кубатын бир топ күчөткөн деген ишенимдебиз. Бирок анын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ал - аймактын эң жакыр өлкөсү жана биздин аракеттер Йемендин согушчан экстремиссттерге чара көрүү жөндөмүн такай жогорулатууга багытталган.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Вашингтон жүктөрдү текшерүүдө жардам көргөзүү үчүн Йеменге адистер тобун жөнөттү.

XS
SM
MD
LG