Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

И.Асылбеков: Люстрация менен тазаланбасак болбойт


“Люстрация” кыймылы ушундай эле аталыштагы мыйзам долбоорунун колдогон 15 миң кол топтоду. Аталган кыймылдын аткаруу комитетинин төрагасы Иманбек Асылбеков “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Мына сиздер кыймыл түзүп, Люстрация мыйзамынын ишке киришине аракет кылып атасыздар. Бирок ошол Люстрация мыйзамына туура келген адамдарды аныктоо критерийи кандай болот? Кайсы негиздерге таянып тазалоого туш болгондорду аныктайсыздар?

И.Асылбеков: Люстрация боюнча биз мыйзам долбоор жазып чыкканбыз. Эми, негизги көтөрүп аткан маселебиз, жанагы Акаев заманында, Бакиев убагында жеке үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликти түптөгөнгө өбөлгө болуп, ошону түзүп берген кишилерди жоопко тарталы, ошолорго карата ушул мыйзамды колдонолу деп атабыз.

Бул жеке эле биздин, же болбосо 2-3 кишинин гана сунушу менен ишке ашпайт. Биз сунуштап, сот аркылуу, мыйзамдык жол менен чечим чыкканда гана ушундай жолго барууга болот.

“Азаттык”: Сиз мына Акаевдин убагында, Бакиевдин убагында иштегендер деп атасыз. Бирок Люстрацияга туш болчуларды аныктоо критерийлери так болушу керек да. Мурдагы бийликтер менен баары эле иштешпеди беле убагында?

И.Асылбеков: Туура. Ошол замандарда деле таза иштегендер болгон. Чалгы менен чапкандай баарын тең бийликке жолотпой, тазалоо кылалы деген жокпуз. Бирок ошол доорлордо жеке үй-бүлөлүк, коррупциялык, авторитардык бийликти бекемдөөгө себеп болгон адамдар бар. Ошолорду биз сунуштап, соттун чечими менен аларга чара колдонулат. Айтып отурсак андай адамдар өтө көп болгон да. Жалгыз эле Бакиев менен Акаев түзгөн жок да ыплас системаны. Ошоло эле Акаев 1994-жылы кимдин колу, көмөгү менен референдум өткөрүп, биздин биринчи Баш мыйзамыбызды бузду. Мына, иттин өлүгү ушул жерде жатат. Ошондон бери биздин Баш мыйзам сегиз жолу өзгөрдү. Ошондо легендарлуу парламентте турган депутаттар Баш мыйзамды өзгөртүүгө барбайбыз деп чыгып кетишип, бирок ошону ишке ашырыш үчүн элден кол топтоп, жасап бергендер бар да. Аны мен айтпасам деле элдин баары билет. Ошондон бери мына башаламандык уланып келатат. Эгер тазаланбасак болбойт. Исхак Раззаков да тазалануу тууралуу айткан. Биз тазаланып турушубуз керек.

Эми Люстрация деп башка тилде, чет элдик түшүнүктөр менен айтып атпайбызбы. Бул Кыргызстанда эле эмес убагында Польша, Чехия сыяктуу мамлекеттерде колдонулган. Ушундай жол менен тазалануу жасашыбыз керек. Таза адамдар бийликке келсе өлкөбүз алдыга жылат да. Анан элибиздин жерин саткандар, Каркыра менен Үзөңгү-Кууш, Ысык-Көлдөгү пансионаттар. Ошолорду жалгыз Бакиев саткан жок да. Мына азыр Адахан Мадумаров кыйкырып чыгып атат. Ал кайда жүрдү эле Бакиевдин маалында Каркыра сатылып атканда? Ошолор менен чогуу эле отурбады беле. Ошондуктан Люстрация керек.

“Азаттык”:
Бул мыйзамдын саясий курал катары, оппоненттерди четке чыгаруу максатында колдонуп кетпешине кепилдиктер барбы?

И.Асылбеков: Эми, биздин командабызда түрдүү адистер бар. Анын механизмдери каралган. Негизгиси бул мыйзам жеке бир адамдын чечими менен кабыл алынбайт да. Бул сот аркылуу ишке ашчу маселе.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG