Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Азербайжандагы парламенттик шайлоо


Добуш берүү учурунан бир көрүнүш, 7-ноябрь.
Добуш берүү учурунан бир көрүнүш, 7-ноябрь.

Жекшембидеги парламенттик шайлоо бийликтеги «Йени Азербайжан» партиясынын таасирин дагы бекемдээри айтылууда.

Али Каримли Азербайжандын «Элдик фронт» партиясынын жетекчиси. Ал Бакы калаасында добуш бергенден кийин эрежелер бузулуп жаткандыгын, анын ичинде бир нече шайлоо чөлкөмүндө бир киши бир нече жолу добуш берген учурлар катталганын билдирди.

«Азаттыктын» азери кызматынын кабарчылары шайлоочуларды автобус менен бир шайлоо бекетинен экинчисине ташып жатышканын видеого тартып алышты. Оппозициядан бир нече байкоочу өздөрүн коркутуп-үркүтүшкөнүн, шайлоо бекеттеринен күч менен чыгарылганын жана добуш берүүнү тыкыр көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышпагандыгын билдиришти.

«Азаттыктын» кабарчысы Нушаба Фатуллаева Йасамал шайлоо бекетинде бир саат кармалып, полиция аны коркутуп-үркүткөн. Фатуллаева каттоосу жок туруп, добуш берген кишини видеого тартып алган. Тасмага кабарчы шайлоочудан бул жерде катталган-катталбаганын сураганда ал «жөн эле келип, өз талапкерлериме добуш бердим», - деп жооп берип жатканы тартылган.

Комиссиянын мүчөлөрү бул тасманы тартып алган журналисттин жабдыктарын аңтарып, видеону өчүрүүнү талап кылышкан, бирок Фатуллаева видео тартылган флэш-картаны жашырып алууга үлгүргөн.

Бул күнкү шайлоодо парламенттеги 125 орун үчүн 700 чакты талапкер ат салышты. Бийликтер түшкө чейин шайлоочулардын төрттөн бирине чукулу добуш бергенин билдирген.

XS
SM
MD
LG