Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:37

Беларус оппозициясынын лидери “диктатураны” жеңем дейт


Владимир Некляев: "Биз диктатураны мыйзам жолунда кулатабыз"
Владимир Некляев: "Биз диктатураны мыйзам жолунда кулатабыз"

Эртең Беларуста 19-декабрда өтчү президенттик шайлоого талапкерлер катталат. Талапкер болушу мүмкүн делгендердин катарында азыркы президент Александр Лукашенко менен бирге оппозициядан Владимир Некляев да бар. "Азаттыктын" суроолоруна жооп берген Некляев экономикадагы проблемалар, Орусия менен каяма айтышуулар президент Лукашенконун кадыр-баркын солгундатты жана ал шайлоодо жеңбей калышы мүмкүн деп ишенет.

“Азаттык”: Сиз шайлоодо “жеңем” дедиңиз. Мынчалык ишенимдүү билдирүүгө негиз барбы?

Владимир Некляев: Беларустагы азыркы ахыбал буга чейинки шайлоолордогудан алда канча айырмаланат. Мен 2001-жылдагы, анан 2006-жылдагы шайлоолор жөнүндө айтып жатам. Азыркы абалдын өзгөчөлүгүн биздеги жагдайга Орусиянын таасири артканы менен түшүрдүрсө болот. Лукашенко Орусиядан көбүрөөк акча өндүрөм деп отуруп, азыр Кремль менен мамилесин такыр эле бузуп алды.

Биз каалайбызбы-каалабайбызбы – эртеңки жыргал жашоо Орусия менен мамиленин канчалык жакшы түзүлөөрүнө жараша болот. Азыр Орусия биз үчүн өндүргөн товарларыбызды сатып алчу жападан-жалгыз рынок. Өзүбүздө элге айлык-акы берип, социалдык тармакты колдош үчүн ушуга баруудан башка айлабыз жок. Мындай абал олку-солку окуялардын айынан өзгөрдү. Лукашенко менен айтылуу “социалдык контрактты” эл азыр колдобой калды. Президент өзүн мурдагыдай ишенимдүү сезбей турат. Аны Орусия менен жакшы мамиле үчүн гана колдоп келген электоратты эми биз өзүбүзгө имерип алдык.

“Азаттык”: Сиз президент болуп калсаңыз, өлкөнүн айрым стратегиялык маанидеги куурларын Орусияга сата турганыңызды айттыңыз. Анан сиздин шайлоо өнөктүгүңүздү Кремль каржылап жатканы жөнүндө да ушак сөздөр айтылып жүрөт. Сиз чын эле, айрымдар айтып жаткандай, орусиячыл талапкерсизби?

Владимир Некляев: Биздин “Чындыкты айт!” деген шайлоо өнөктүгүбүздө Орусия тараптан эч кандай саясий каналдардын акчасы жок. Мен буга чейин айткандай, башкалар менен бирге Орусиядан да экономикалык оюнчулардын катышуусун кабыл алам. Мен өзүмдүн өлкөм аркылуу агылып жаткан каражатта ачыктык болушун каалайм. Эгер мен орус капиталын биздин рынокко киргизбей койсом, ал башка оффшордук зоналар аркылуу баары бир кирет. Айрым объектилерди расмий түрдө беларус ишкеринин атына жаздырып коюп, ала бериши мүмкүн. Чынында ал бизге таандык болбой калат.

“Азаттык”: Буга чейин сиз беларусиялыктарды эгер бийликтер шайлоонун жыйынтыгын бурмалай турган болсо, массалык демонстрацияга чыгууга чакырдыңыз. Кыргызстандагыдай же Украинадагыдай ыңкылап кайталанышын каалап жатасызбы?

Владимир Некляев: Биз майдан жөнүндө кепте шайлоо жыйынтыгынын бурмаланышына каршы тынч гана демонстрацияны айттык. Лукашенко сөзсүз добуштарды бурмалайт. Беларус өлкөсү диктатурага кандай жол менен кирген болсо, ошондой жол менен гана чыгышы керек, бул - шайлоо. Өлкөбүз ушул жол менен гана туруктуу өнүгүүгө жетишет. Биз мамлекеттеги диктатураны жеңип, демократияны орнотуу үчүн мыйзамдын чегиндеги аракеттерибизди токтотпойбуз.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG