Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Тамеки тартуу адатынан кантип арылса болот?


18-ноябрь - Тамеки чегүүдөн баш тартуунун дүйнөлүк күнү. Жер жүзүндө ар бир он секунд сайын тамеки тарткан бир киши өпкө рагынан каза табат.

Бул зыяндуу адаттан арылуу өзүнчө эле бир машакат экенин угуп эле жүрөбүз. Беш жыл бою тамеки тартып, аны таштап койгонуна бир жарым жыл болгон Улан Асаналиев “Азаттыкка” маек курду.

- Сиз тамекини 5 жыл бою тартып, адат кылып алган экенсиз. Анан кантип таштап койдуңуз?

Улан Асаналиев: Бул тамеки илдетин таштоого мага Алан Кардын “Тамекини жеңил таштоо” деген китеби жардам берди. Ошол китепти окугандан кийин мен тамеки тартуу – бул көз карандылык, муктаждык эмес, жаман адат экенин чындап түшүндүм. Жаман адатты түп орду менен жок кылууга болот. Ал эми көз карандылыкты жоюу оор болуш керек. Ошондуктан муну жаман адат деп аң сезимге сиңиргенден кийин таштап койдум окшойт.

- Тамеки тартып жүрүп эле аны таштап коюуга эмне түрткү болду, же кимдир бирөө таасир тийгиздиби?

Улан Асаналиев: Менин тамеки тартып жүргөнүмдү көрүп, апам, бир туугандарым “таштасаңчы, өзүң деле арыксың” деп айтып эле жүрүштү. Бирок алардын сөзүнө көңүл бура бербейт элем. Анан үйлөнгөндөн кийин эмнегедир жубайымдын ушундай өтүнүчүнөн кийин эле бул адаттан арылууну чечтим. Азыр мага апам “биз канча сурансак да укпай, анан аялыңды угуп, бир жылда эле дароо таштап койдуң го” деп кызгануу менен айтып калышат.

- Качан, кантип чылым чеге баштагансыз? Мисалы, өспүрүмдөр улууларды туурайт экен, кай бирлери мода көрүп тартып калат эмеспи?

Улан Асаналиев: Аралашып жүргөн балдардын, мектептеги балдардын таасири го. Эл менен теңелейин деген нерсе го. Мектептен бир аз кызыгып тартып койчум. Анан студент болгондо бул нерсе илдетке айланып, күнүнө эки пачкага чейин тамекини тартып коер элем.

- Өзүңүз студент болсоңуз, тамекиге акчаны кайдан тапчу элеңиз?

Улан Асаналиев: Негизи бюджеттин баары эле ошол тамекиге кетип жүрсө керек. Азыр аны таштагандан кийин убакыт, акча да үнөмдүү болуп калды окшойт.

- Азыр кээде кайра тамеки тартып койгуңуз келген учурлар болобу?

Улан Асаналиев:
Кээде өзүмдү сынап тартып көрөм. Бирди алып тартып, аягына чыга албайм. Өзүмдү жаман сезип, көңүлүм айнып кетет.

- Бул адаттан арылуунун бир ыкмаларын айта аласызбы?

Улан Асаналиев: Биринчиден, мунун муктаждык эмес, жаман илдет экенин түшүнүү керек. Ошого ишенүү керек. Кээ бирлер тамекини көз карандылык, канга сиңгенден кийин аны организм талап кыла берет дегендей жаңылыш ойлошот. Бул жөн эле жаман адат. Тамеки таштоонун дагы бир эң мыкты ыкмасы - бул спорт менен машыгуу. Мен бир ай бою бир турнир болуп, күнүгө эки-үч сааттан футбол ойноп калдык. Кечке жүгүрүп жүрүп, өпкөгө күч келгенде тамеки тартмак тургай, дем алгың да келбей калат эмеспи.

- Сизди арыксың дешсе, чылымды таштагандан кийин салмак коштуңузбу?

Улан Асаналиев: Ооба, таштагандан кийин 3 айдан кийин эле төрт килограммга толдум. Эми аябай семирип кеткен жокмун. Эң негизгиси өзүмдү мыкты сезип калдым.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG