Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

ЕККУ кыргыз милициясына көмөктөшүү форматын өзгөртмөкчү


ЕККУ кыргыз милициясын реформалоого көмөктөшүүнүн узак мөөнөттүү форматына өтөт. Бул ЕККУ менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы бир топ сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чечилди. "Жарандык коопсуздук демилгеси" деп аталган жаңы долбоордун алкагында ЕККУ Ички иштер министрлигине бир жыл бою атайын колдоо көрсөтмөкчү. Ага ылайык Кыргызстанда 31 кишиден турган эл аралык адистер иш алып барып, аларга жергиликтүү 27 адис жардамдашат. Бул эң ириде милицияга элдин ишенимин кайтаруу, милициянын кадыр-баркын арттыруу максатында болот деп айтылат ЕККУнун маалыматында. Бул долбоор ЕККУнун кыргыз милициясын реформалоо боюнча жети жылдан бери иштеп келе жаткан программасынын бир бөлүгү болуп саналат.
Кыргыз милициясын реформалоо зарылчылыгы 2002-жылы Аксы окуясынан кийин көтөрүлүп, ага көмөктөшүүгө 2003-жылы ЕККУ киришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG