Дагы ошончо эле адам жарадар болгону айтылууда. Окуя кечээ баш калаа Пномпенде болгон. Жергиликтүү мамлекеттик сыналгы каналы кабарлаганына караганда, өлгөндөрдүн 240 - аялдар. Үч күндүк суу майрамы кечээ концерт менен аяктаган эле. Эки миллионго жакын эл аралча менен жерди байланыштырган көпүрөдөн өтүп жатканда ызы-чууга түшүп, жүздөгөн адамдар тебиндиде калды. Көпүрөдөн секирип өлгөндөр көп болгону айтылууда. Бийликтердин айтымында, бул Камбоджинин тарыхындагы эң кандуу окуялардан болуп калды.